4 КОММЕНТАРИИ

  1. Балам үчүн жашайм… Бирок жолдошумду эмне кылсам болот?
    Жактырган адамын менен бирге жашоо кечирүү бул бакыт. Бирок кош бойлуу болгон кезден тартып эркек сорой кол көтөрсө ал бакыт бир тыйынчалык да болбой калат экен. Мен азыр ур-токмокко чыдап, балам үчүн гана жашап жүрөм. Анан да балалуу болсом балам өз колума тийбей калабы деген коркунуч мени бийлеп алган… Айтоор сиздерге түшүнуктүү болушу үчүн баарын башынан баяндайын.
    Азыр өкүнөм… Сүйлөшөт десе 4 жыл сүйлөшүп, жактырган жигитиме турмушка чыктым. Ал романтик болгондуктан жашоом күнүгө башкача, күнүгө кызыктуу. Ушундай бакытты эмнеге 4 жыл кечиктирдик? Таанышкандан соң эле баш кошсок болмок экен деп ойлочумун. Заматта жашоом тозокко айланаарын аңдабаган экем. Эмне күнөөм үчүн? Дале болсо бул суроонун түйүнүн чече албай келем. Бардык нерсе кош бойлуу болгондугумдан баштап башталды. Жолдошум 10 кыздан кийин келген жалгыз уул болчу. Же ошондуктанбы, айтоор кайын ата, кайын энемдердин тилин укчу эмес. Алар да жалгызыбыз деп тим болушчу. Көздөрүнчө кол көтөрсө да эч нерсе дешчү эмес. Апамдарга айтсам чыдаш керек, турмуш деген ушундай болот дегенден башка эч нерсе деп айтышпайт. Аларды да түшүнөм… Айтоор жашоомду бүтүндөй тозокко айландырып алганыма эмне себеп болгонун биле албайм. Сүйлөшүп жүргөндө такыр иччү эмес. Мас абалда гана эркек киши аял кишиге кол көтөрөт деп ойлочумун. Бирок Капарали сообу, масбы барибир анын ур- тепкиси токтободу. Ушунчалык муштарынан заарканып калдым. Анткени ачуусу келсе өлтүрүп коюудан да тайбай турган деңгээлге жетип калат. Кол көтөргөндө ичимдеги наристени калкалайм башка жерлерим бара-бара быша баштады. Ойлоп корсом минтип жашагандан көрө кыжаалат болсо да ата-энемдин алдына барууну тура көрдүм. Эми ал байланышып, бала меники деп жатат. Төрөлө элек ымыркайым учурда талашта. Нике күбөлүгүбүз жок. Ажырашып кетсек деле үйгө ичип алып, келип кол көтөргөнүн токтотподу. Кантсем болот? Милицияга арыз жазам десем, “Мен андан чыгып келип, түбүңө жетем” деген сөздөрү жүрөктүн үшүн алат… Жакында көз жарам. Түйүлдүк жаралгандан тартып стресске кабылдым. Эми жарык дүйнөнү көрөөр замат наристемдин талашка түшүп жаткандыгын элестей берип дүйнөм аңтарылуууда… Канткенде мен жолдошумдан кутулам? Кандайдыр бир мыйзам барбы? Алиментти да керек эмес, баламды өзүм багып алганга кудуретим жетет. Болгону ал зөөкүрдөн кантип кутулсам болот? Кеңеш бериниздерчи.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ