Орусиянын облигацияларын европалык банктар сатып алуудан баш тартышты

Чет элдик маалымат булактары бир нече европалык ири банктар 3 млрд. долларга барабар орусиялык облигацияларды алууну токтотушту. Март айынын ортосунда Евробиримдик жетекчилиги, андан мурдараак АКШ орусиялык баалуу кагаздарды сатып албоо өтүнүчү менен европалык банктарга кайрылуу жасашкан.

Мурдараак Орусиянын каржы министрлиги ири америкалык, европалык жана азиялык банктарга мамлекеттик облигацияларын сатып алууну сунуш кылган. Андан түшкөн жаражат  2016-жылдагы бюджет таңкыстыгынын бир бөлүгүн жапмак. Ал эми The Wall Strett Journal маалыматына караганда, европалык BNP Paribas, Credit Suisse, Deutsche Bank, HSBC жана UBS, америкалык Goldman Sachs и J.P.Morgan банктары Орусиянын облигацияларын сатып алуудан баш тартышкан.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ