Күнөөсүз алдамчылар

0
420
views

6-7 жаштагы кара тору, арык кыз мектептен шашып келе жатты. Үйдүн босогосун аттаары менен төрдөгү чоң энесине:
-Бүгүн да 3 беш алдым. Кана 5 сом?-деп мактангандай алдына барды.
-Айланып кетейин десе пенсия алганда берем. Көп беш алсаң, көп пул берем-деди. Кыздын маанайы бир аз түшүп, сумкасын сүйрөп эшикке чыкты. Эжеси менен агасы аны күтүп турушуптур. Агасы сөз баштап:
-Билесиңби? Апаң эрге тийип кетти. Сени таштап – деп алып экөө жыргап күлүштү. Күн сайын ушинтип алдашат. Кыз унчукпай, кабагын салып, төркү үйгө кирди да чечинип баштады. Кыжыры келип, кайдадыр качып кеткиси келди. Аны баары алдашарын, керек болсо чоң энеси да күндө пенсия тийгенде пул берем дегенин эстеп көз жашын төгүп алды. Ызага толгон көздөрү менен акырын эшикке чыгып, көчөнү көздөй басты. Себеби, апасы ушул жол менен жумуштан келет. Айдай өзү үч бир туугандын эң кичүүсү. Атасы автокырсыктан көз жумганда ал 3 жашта эле. Ошол үчүн ата дегенге анча маани бере бербейт. Эжеси менен агасы чоң энесин апа дешип, апасын эже дешет. Жолдо чаңытып ойноп жаткан курбуларын көрүп, топко бат кирип кетти. Үрүң-бараң болуп, көз байланып калганда апасы кетменин көтөрүп келе жатканын көрүп сүйүнүп кетти. Тосуп барып:
-Апа, мен дагы 3 беш алдым. Пул бересиңби?-деди. Апасы кетменин бере салды да:
-Ой, кайдагы пул. Сенин курсагыңды зорго тойгозуп жатканда, күйдүрбөчү-деди. Айдай апасынын кетменин көтөрүп, илгий басып, үйгө кирди. Чоң энеси даярдап койгон тамак алдыга коюлуп, чай иче башташты.
-Күн сайын бул маалда кызынын чечекейи чеч болуп мектептеги окуяларды божурап айтып берчү эле. Бүгүн негедир маанайы пастыгын байкаган энеси:
-Айка, аппагым эмне болду?-деди. Айдай чын эле бүгүн абдан капа эле. Чоң энесинин сурагына эреркеп, ыйлап жиберди.
-Силер мени жакшы көрбөйсүңөр. Мени күндө алдайсыңар. Мага эч качан пул бербейсиңер-деп ыйлап кирди. Апасы кабыргасы кайышып, тээ өтүп кеткен күйөсүн эстеп, баланы сооротуунун ордуна каарын төгүп, урушуп кирди:
-Эмне? Сени ким алдады айтчы? Тим эле көнөктөй көпкөнүн мунун-деп ызырынды. Айдай болсо:
– Сен алдадың! Мектепте бул экөөңөн жакшы окусаң пул берем дегенсиң, чоң энем күндө алдайт, пенсия тийгенде пул берем деп. Мына экөө күндө апаң эрге тийип кетти дешет-деп үнүн өктөм чыгарды. Апасы тепирейген кызын бооруна кысып, кошо бакырып ыйлагысы келди. Бирок, кабагын бүркөп сыртка чыгып кетти. Анан кантсин байкуш 26 жашында сүйүп тийген жолдошунан ажырап, 3 баланын көзүн карап отуруп калган. Үйдү жымжырттык каптады. Бир гана кыздын эчкирип ыйлагыны угулуп жатты. Эжеси менен агасы күнөөлү кишидей жер карап, бири-бирин тиктеди. Төрдө отурган чоң энеси да каза болгон жалгызын эстеп ичи эңшериле түштү. Анан кайраттанып, небересин алдаганга өттү:
-Садага болоюн аппак кызым менин. Сага бербегенде пулду кимге берем. Мына экөөнө эч нерсе бербеймин. Сени алдашабы булар? Акмактар!-деп. Бирок, ошол учурда келиним чын эле турмушка чыгып кетсе, кантем-деген ой кылт этип, жүрөгү зырылдай түштү. Сыр бербей бекитип койгон эки беш сомдукту алды да бирөөсүн берди:
-Айтчы Айка, пулду сен эмне кыласын?-деди.
-Мен магазинге барып сөйкө сатып алам. Чоң эне кыздардын барынын сөйкөсү бар, менде жок. Кыздар мени мектепте маскарлашат-деди. Эми чоң эне чындап эле кайгыга батты. Чынында өлбөй турган тиричилиги бар эле. Уулунун сакайышы үчүн көп каражат жумшап, ажал менен арбашып, акырында жеңилип берди. Эми минтип небересинин сөздөрү ойго салып койду.
Ошол күнү үйдө ашыкча сөз болгон жок. Тамак да толук жээлген жок. Баары унчукпай өз ордуларына барып, жатууга камынышты. Түн бир оокумда апасынын соолуктап ыйлап жаткан үнүнөн ойгонуп кетти. Жанына келип, апасынын койнуна кирип, экөө бышактап ыйлап башташты. Акырын Айдай:
-Апа эми мен пул сурабайм ыйлабачы. Мен көп беш алсамда пул сурабайм эми апа. Сен ыйлабасаң эле болду-деди жымшыйган көздөрү жашка толуп. Келин болсо кызын бооруна кысып:
-Жаным менин. Сени эч качан таштап кетпеймин. Мен эрге тийип кетпеймин. Сен аларга ишенбегин. Сенсиз жашай албайм уктуңбу? Мен сени, эжеңди, агаңды таштап, эрге тийбеймин. Ушуну унутпа!-деп тагдырдын жазганына кейип ыйлап жатты. Жанатан бери келинин кебин тыңшап жаткан кайнене да элжиреп ыйлады. Бирок, көңүлүндө ишеним пайда болуп, келинине ыраазы боло түштү.
Таң аты. Күнүмдүк тиричилик уланып, Айдай мектепке, апасы талаага кетти…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ