“Президент жана бомж 2” тасмасы (Кино Баян)

0
1283
views

Картина 2013-жылы тартылган. Тасманы тартууга болгону 2 жарым ай убакыт кеткен. Аталган драма  мурунку “Президент жана бомж” фильминин экинчи версиясы катары чыккан. Ага керектүү  материалдык  чыгымдар тасманын биринчи бөлүгүнөн түшкөн пайданын эсебинен каржыланган. Жалпы бюджети 80 000 АКШ долларын түзөт. 

Кыргыз тасмаларынын арасындагы баалуу картиналардын катарына кирген бул кино Ош, Бишкек, Талас, Ысык-Көлдө, чет жактардан Казакстан, Орусия, Франция жана Германия өлкөлөрүндө тартылган. Тасма орус, англис тилдерине которулуп, чет элден да көрөрмандарын тапкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ