Кечирим жөнүндө икая

0
1272
views

— Кечирбеймин, — деди аял. – Мен унутпаймын.

— Кечиргин, — андан суранды Периште. – Кечиргин,  өзүңө жеңил болот.

— Эч качан, — өжөрлөнө эрдин тиштенди аял. — Муну кечирүүгө болбойт. Эч качан.

— Сен өч аласыңбы? – тынчсыздана сурады ал.

— Жок, мен өч албаймын. Мен андан жогору болом.

—  Сен катуу жазага суусап атасыңбы ошондо?

— Мен кандай жаза татыктуу экенин билбеймин.

— Бардыгы өз чечимдери үчүн жооп беришет. Эртеби, кечпи бирок жооп беришет… — акырын үн катты Периште. — андан качууга болбойт.

— Ооба,  мен билем.

— Анда кечиргин! Алып ташта өзүңдөн жүктү. Сен эми ыза кылгандардан алыс жактасын да.

— Жок. Анте албайм. Каалабайм дагы. Кечирим жок аларга.

— Мейли, өзүңдүн ишиң, — үшкүрүндү Периште. – Таарынычыңды каяка катам деп ойлоп атасың.

— Бул жерге жана бул жерге, —  Башы менен жүрөгүн көрсөттү аял.

— Этиятта, суранамын, — өтүндү Периште. – Таарынычтын уусу өтө коркунучтуу.

Ал таш болуп катып түпкүргө тартат, тирүү жандын баарын күйгүзгөн  каардын жалынын жаратат.

— Бул Эстин Ташы жана Адилеттүү Каар, Ыза, — сөзүн бөлдү аял – Алар мен тарапта.

Ошентип, Таарыныч ал айткан жерден – жүрөктөн жана баштан жай тапты.

 

Анын көкүрөгү эркиндиктин абасынан кере дем алып, денесинде жаштыктын ысык каны айланып, өз турмушун куруп, ден-соолугу чың, жаш эле. Турмуш  улап, бала- чакалуу болуп, дос күттү. Албетте, кээде  аларга да таарынып, бирок негизинен кечирип жүрдү. Кээде ачууланды, урушту аны да кечиришти. Турмушта ар нерселер болду. Өзүнүн таарынычын да эстебөөгө аракет кылды.

Жек көрүндү болгон -“кечирим” деген сөздү кайрадан укканга чейин көптөгөн  жылдар өтүп кетти.

—Күйөөм мага чыккынчылык кылды. Балдарым менен ар дайым чыр-чатактамын. Акча мени сүйбөйт. Эмне кылышым керек? – Аял улгайган  психологдон сурады.

Ал кунт коюп укту, көп нерсени тактады, негедир адеп эле аялдан бала чагын  айтып берүүсүн сурап атты. Аял ачууланды, кыжырланды,  маекти кайрадан  бүгүнкү күнгө алып келди, бирок ал кайрадан балачакка кайрып турду. Тээ илгерки таарынычын алып чыгууга аракет кылып, тиги анын эсинин бардык кычыгына кирип, издеп  аткандай сезилди аялга. Ошондуктан каршылык көрсөтүп атты, анткени ал муну каалаган жок. Бирок байкенин тың экенин байкады.

— Тазаланышыңыз керек, — жыйынтыктады ал. – Сиздин таарынычтарыңыз тамырлашып кеткен. Маржан рифтериндеги жабышкак жандыктардай мурункуларга кийинки таарынычтар кошула берген. Ал риф – жашоонун  энергия агымынын жолун бууган тоскоолдук болуп калган. Мындан улам сиздин өз турмушуңузда  көйгөйлөр жаралып, финансыңыз да ойдогудай эмес. Бул рифтердин курч кырлары сиздин назик жан дүйнөңүздү жаралантып келет. Рифтин ичинде ар түрдүү эмоциялар орун алып, чаташып, өзүнүн калдыктары менен каныңызды ууландырып, ошону менен дагы жагымсыз нерселерди өзүнө тартат.

— Ооба, мен дагы ушу сыяктуу нерсени сезем, — башын ийкеди аял. – Убакыттын өтүшү  менен көтөрүмсүз болуп баратам, кээде кыжалатчылык басмырлайт, а кээде жөн эле бардыгын өлтүргүм келип кетет. Мейли тазаланышым керек. А кантип?

— Тиги биринчи, эң башкы таарынычыңызды кечириңиз, — кеңеш берди психолог. – Пайдубалы жок болот жана риф дагы чачырайт.

— Эч качан! – силкинди аял – Бул адилеттүү таарыныч. Ошондой эле болгон! Таарынганга укугум бар!

— Сиз укуктуу болгуңуз келеби же бактылуубу? – сурады психолог. Бирок аял жооп бербеди, жөн гана турду да өзү менен кошо маржан рифтерин алып чыгып кетти.

Дагы бир канчалаган жылдар өттү. Аял кайрадан  кабылдамада отурду, эми дарыгердикинде.  Дарыгер сүрөттөрдү карады, анализдерди барактады,  чекесин тырыштырып, эрдин тиштеди.

Доктор, эмне унчукпайсыз? – чыдабады аял.

— Сиздин туугандарыныз барбы? – сурады врач.

— Ата-энем кайтыш болгон, күйөөм менен ажырашкам, а балдарым бар,  неберелерим дагы. А сизге туугандарымдын эмне кереги бар?

— Көрдүңүзбү, сиздин шишигиңиз бар. Мына бул жерде, —  доктор сүрөттөн анын башындагы шишиги бар жерин көргөздү. – Анализдерге караганда  жакшы эмес шишик. Ушуну менен сиздин тез чарчаганыңыз, уйкуңуздун качканы, ар дайымкы баш ооруңуздун себеби түшүндүрүлөт. Кейиштүсү, шишиктин тез өсүүгө ыктагандыгы байкалат. Ал чоңоюп жатат, мына ушул жаман.

— Анда эмне, мени операциягабы? – коркунучтуу сезимдерден ичиркене сурады аял.

— А жок, —  доктор ого бетер чекесин тырыштырды. – мына акыркы жылдагы сиздин кардиограммаңыз. Сиздин жүрөгүңүз начар. Ал ар тараптан кысылып, толук мүмкүнчүлүгү менен иштей албай аткандай сезилет. Операцияны көтөрө албашы мүмкүн. Ошондуктан алгач жүрөктү дарылашыбыз керек, андан кийин…

Ал сөзүн бүтпөдү, аял болсо “андан кийин” эч качан болбой калышын түшүндү.

Же жүрөк көтөрө албайт, же шишик басат.

— Айтмакчы, каныңыздын анализи да анча эмес. Гемоглобин төмөн түшкөн, лейкоциттер жогору… Мен сизге дары жазып берем, — деди дарыгер. – бирок сиз дагы өзүңүзгө жардам бериңиз. Сизге организмиңизди салыштырмалуу тартипке келтирип, ошону менен бирге операцияга моралдык даярдык көрүшүңүз керек.

— А кантип?

— Жакындар менен баарлашуу, жылуу мамиле, жакшы маанай. Сүйүп калыңыз, болбоду дегенде. Бактылуу балалыгыңызды эстеп, альбомдон сүрөттөрдү барактаңыз.

Аял болгону мыйыгынан жылмайды.

— Бардыгын кечиргенге аракет кылыңыз, өзгөчө ата-энеңизди, —дарыгер күтүүсүздөн кеңеш берди. –Бул жан дүйнөңүздү абдан жеңилдетет. Кечирим укмушарды жараткан учурлар менин практикамда көп эле болгон.

— Кантип эле? – шылдындагансып сурады аял.

— Элестетип көрүңүз. Медицинада көптөгөн кошумча инструменттер бар. Жакшы кароо, мисалы… Камкордук. Кечирим дагы дары болушу мүмкүн, рецеби жок эле бекер дагы.

Кечирүү. Же өлүм. Кечирүү же өлүм?  Өлүм, бирок кечирбөө?  Качан тандоо өлүм менен өмүрдүн  ортосунда турганда, болгону сен кайсыл тарапты карайсың ошону чечишиң керек. Баш ооруйт. Жүрөк өйүйт. «Таарынычыңды кайда катасың?». «Бул жерге жана бул жерге». Эми ал жакта да ооруй баштады.  Чынында таарыныч абдан тереңдеп кеткен, анансайын көп нерсени каалап келет. Ал өз кожоюнун түртүп чыгарып, анын денесин ээлеп алган. Акылсыз таарыныч дене анчалык нерсени көтөрө албасын, өлөөрүн түшүнбөдү. Аял өзүнүн негизги ызакорлорун эстеди – тээ бала чактагы. Ар дайым жумушта болгон же урушуп отурушкан  атасы менен апасы.  Ата-энеси аны өзү каалагандай сүйө алышпады. Каршылык билдиргени, тополоң салганы, талаптарды аткарбай койгону, мактоо баракчалары, беш алганы деле – эч нерсе жардам бербеди. Кийин алар ажырашып кетип, ар кимиси өзүнчө бүлө курду. Ал жерде да кызына орун жок эле.  Он алтыга чыкканда   буюмдары менен чемоданын, биринчи убакка үч миң рубль  менен билетин карматышып, башка шаарга техникумга жөнөтүштү. Бүттү – мына ушундан баштап ал өз алдынча болуп, “Кечирбеймин!” деп чечти. Аял бул тарынычын өмүр бою алып жүрдү, өзү менен кошо алып кетүүгө да ант берген. Эми айтканы аткарылгандай эле болуп бараткансыйт.

 

Бирок анын балдары, неберелери, олдоксон болсо да ага сый көргөзүмүш болгон жумуштагы жалгыз бой Сергей Степаныч бар эле, аларды эстегенде өлгүсү деле келбейт. Мына, чын эле – ага өлүүгө али эрте! «Кечиришим керек, — чечимге келди аял. – Жок дегенде аракет кылып көрөйүн».

— Ата-энелерим, мен бардыгы үчүн силерди кечирдим, — ишенбегендей айтты. Сөздөрү ишенимсиз, байкуштукундай болуп чыкты. Анан  калем менен барак алып жазды: “Урматтуу ата-энелерим! Кымбаттуу ата-энелерим! Мен мындан ары ачууланбайм! Мен сиздерди бардыгы үчүн кечирдим.”

Оозуна ачык даам келип, жүрөгү кысылып, башы андан беш бетер ооруп чыкты. Бирок ал колуна калемди бекем кармап, өжөрлөнүп, биринин артынан бирин жаза баштады: «Мен сиздерди кечирем. Мен сиздерди кечирем». Эч кандай жеңилдебестен, болгону туталанганы дагы көбөйдү.

— Андай эмес, — шыбырады Периште. – Дарыя ар дайым бир багытка агат.  Алар улуу,  сен кичүүсүң. Алар сенден мурун, сен кийин келгенсинер.Сен ата-энеңди эмес, ата-энең сени тапкан. Алар сага бул дүйнөгө жаралууга мүмкүнчүлүгүн  белек кылышты. Бир аз ыраазы болсоң!

— Мен ыраазымын, — унчукту аял. –  жана мен чындыгында аларды кечирүүнү абдан каалайм!

— Балдардын  ата-энесине баа берүүгө укугу жок. Ата-энени кечирбейт. Алардан кечирим сурашат.

— Эмне үчүн? – сурады аял. – Мен эмне аларга жамандык кылыпмынбы?

— Сен өзүңө кандайдыр бир жамандык кылгансың. Неге өзүңө тиги таарынычыңды алып калдың? Башың эмнеге ооруйт?  Көөдөнүңдө кандай ташты көтөрүп жүрөсүң?  Сенин каныңды эмне уулантып жатат?  Эмнеге сенин жашооң толук кандуу дарыядай акпай, илмийген булакчадай чубурайт? Сен укуктуу болгуң келеби же ден-соолуктабы?

— Кантип эле, ушунун баары ата-энеме болгон таарынычтан болсун? Ошол таарыныч мени ушинтип талкаладыбы?

— Мен эскерткемин, — эске салды Периште. – Периштелер ар дайым эскертишет: таарынычтарды топтоп, алып жүрүп, өзүңөрдү ууландырбагыла. Алар чирийт, сасыйт ошентип айланадагы бардык жандууну ууландырат. Биз эскертебиз! Эгер адам таарынычтын пайдасына чечим кабыл алса биз тоскоол боло албайбыз! А эгер кечиримдин пайдасына ыктаса- биз жардам берүүгө милдеттүүбүз.

— А мен азыр ошо маржан рифин буза аламбы? Же кеч болуп калдыбы?

— Аракет кылуу эч качан кеч болбойт, — жумшак үн катты Периште,

— Бирок алар эчак эле өлүп калышпадыбы? Кимден кечирим сурайм, кантишим керек?

— Сен сурап көр. Алар угушат. Балким укпашы да мүмкүн. Келип-келип сен муну алар үчүн эмес өзүң үчүн жасайсың да.

— Ардактуу ата-энелерим, — баштады аял. – Мени кечириңиздерчи.

Туура эмес болсо, өтүнөм, мени кечириңиздерчи. Негизи эле баардыгы үчүн кечириңиздерчи.

Аял бир канча убакыт сүйлөп , анан унчукпастан  өзүн угуп атты. Эч кандай керемет жок –  жүрөк өйүйт, баш ооруйт, баштагыдай эле өзгөчө сезим деле жок.

— Мен өзүм ишенбей турам, — мойнуна алды аял. – канчалаган жылдар өтүп кетти…

— Башкача аракет кылып көр, — кеңеш берди Периште. – Кайрадан бөбөк болгун.

— Кантип?

—Бала кездегидей тизелеп олтуруп, аларга кайрылгын: Апа, Ата…  Аял акырын тизелеп отурду. Алакандарын бириктирип, өөдө карап айта баштады: « Апа, Ата». Анан дагы бир жолу: «Апа, ата..». Көздөрү чоң ачылып,  жашка толо баштады.  « Апа, Ата… бул мен, сиздердин кызыңыздар… кечиргиле мени… кечиргиле мени!». Ый толгон  көөдөнү титиретип, көзүнөн каат-каат жаш тамды. А аял улам-улам  кайталап жатты: « Кечиргиле мени. Суранам кечиргиле мени. Мен силерди соттоого акым жок эле. Апа, Ата…».

Көз жаштар кургагыча  бир топ убакыт өттү.

Алдан тайыган аял, диванга кыйшая жөлөнүп, полдо отурду.

— Канттиң? – деп сурады Периште.

— Билбейм. Түшүнбөйм. Мен бошоп, көңдөй болгондой сыяктанам— жооп берди аял..

— Ушуну  кырк күн кайтала, — деди Периште. – Дарылоо курсу сыяктуу. Химиятерапиядагыдай. Эгер кааласаң химиятерапиянын ордуна.

— Ооба.ооба. Кырк күн. Мен кылам.

Көөдөнүндө бир нерсе силкинип, сайгылап анан ысык толкундар менен томолонуп түшүп атты. Балким бул маржан рифинин сыныктарыдыр. Көптөн бери биринчи жолу, жөндөн-жөн эле башы таптакыр ооруган жок.

 

Котормо.  Эдил Адигине.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ