Балам үчүн жашайм… Бирок жолдошумду эмне кылсам болот?

1
728
views

Жактырган адамын менен бирге жашоо кечирүү бул бакыт. Бирок кош бойлуу болгон кезден тартып эркек сорой кол көтөрсө ал бакыт бир тыйынчалык да болбой калат экен. Мен азыр ур-токмокко чыдап, балам үчүн гана жашап жүрөм. Анан да балалуу болсом балам өз колума тийбей калабы деген коркунуч мени бийлеп алган… Айтоор сиздерге түшүнуктүү болушу үчүн баарын башынан баяндайын.
Азыр өкүнөм… Сүйлөшөт десе 4 жыл сүйлөшүп, жактырган жигитиме турмушка чыктым. Ал романтик болгондуктан жашоом күнүгө башкача, күнүгө кызыктуу. Ушундай бакытты эмнеге 4 жыл кечиктирдик? Таанышкандан соң эле баш кошсок болмок экен деп ойлочумун. Заматта жашоом тозокко айланаарын аңдабаган экем. Эмне күнөөм үчүн? Дале болсо бул суроонун түйүнүн чече албай келем. Бардык нерсе кош бойлуу болгондугумдан баштап башталды. Жолдошум 10 кыздан кийин келген жалгыз уул болчу. Же ошондуктанбы, айтоор кайын ата, кайын энемдердин тилин укчу эмес. Алар да жалгызыбыз деп тим болушчу. Көздөрүнчө кол көтөрсө да эч нерсе дешчү эмес. Апамдарга айтсам чыдаш керек, турмуш деген ушундай болот дегенден башка эч нерсе деп айтышпайт. Аларды да түшүнөм… Айтоор жашоомду бүтүндөй тозокко айландырып алганыма эмне себеп болгонун биле албайм. Сүйлөшүп жүргөндө такыр иччү эмес. Мас абалда гана эркек киши аял кишиге кол көтөрөт деп ойлочумун. Бирок Капарали сообу, масбы барибир анын ур- тепкиси токтободу. Ушунчалык муштарынан заарканып калдым. Анткени ачуусу келсе өлтүрүп коюудан да тайбай турган деңгээлге жетип калат. Кол көтөргөндө ичимдеги наристени калкалайм башка жерлерим бара-бара быша баштады. Ойлоп корсом минтип жашагандан көрө кыжаалат болсо да ата-энемдин алдына барууну тура көрдүм. Эми ал байланышып, бала меники деп жатат. Төрөлө элек ымыркайым учурда талашта. Нике күбөлүгүбүз жок. Ажырашып кетсек деле үйгө ичип алып, келип кол көтөргөнүн токтотподу. Кантсем болот? Милицияга арыз жазам десем, “Мен андан чыгып келип, түбүңө жетем” деген сөздөрү жүрөктүн үшүн алат… Жакында көз жарам. Түйүлдүк жаралгандан тартып стресске кабылдым. Эми жарык дүйнөнү көрөөр замат наристемдин талашка түшүп жаткандыгын элестей берип дүйнөм аңтарылуууда… Канткенде мен жолдошумдан кутулам? Кандайдыр бир мыйзам барбы? Алиментти да керек эмес, баламды өзүм багып алганга кудуретим жетет. Болгону ал зөөкүрдөн кантип кутулсам болот? Кеңеш бериниздерчи.

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Aida 22.02.2017 at 02:22
    Албетте оор жагдай экен. Тууру. турмушта барын кутууго болот эмеспи, орус эли айткандай “все возможное не возможно, а не возможное возможно” дегендей.
    Жашообузду алдын ала коро билсек гана, балким бул дуйнодо адамдардын арманы жок болот беле… Кантсе да бул жарык жашоону жаратканыбыз озу ушундай кылып жараткан эмеспи. Болгону биз адамзат барын сабырдуулук, акыл, тушунук менен женишибиз абзел жана дагы жараткан Аллага ыйман келтирип, сыйынуубуз, туура жол корсотуусун тилеп туруубузду унутпашыбыз керек. Кандай гана кырдаал болбосун, маселе болбосун биз Алланы эстеп тура турган болсок, ал бизди эч качан жалгыздатпайт жана жоопсуз бир нерсе да калбайт туугундар.
    Бул женил маселе эмес албетте бат эле чечип койгону. Талкуулай турган болсок да эки тарапка тен суроо коп туулат.
    Жолдошунуз менен торт жыл болобу же андан коп же аз жыл суйлошкон учурда да мындай абалга тушуп калуунузга эч кандай таасирин тийгизбейт болуш керек. Муну мен эл оозунда айтылып келген “бешенеге жазылган” деп айтат элем. Бироону куноло да туура эмес, бирок айтуунуз боюнча албетте жолдошунуз кунолу болуп чыгышы ыктымал. Эки тараптык уй-булоодо тен катачылыктар бар деп эсептейм.
    Биринчиден жолдошунуз экоонуздор, себеби учурунда бири бириниздерге топ келип жигит-кыз болуп суйлошуп жургонсуздор.
    Ошол эле учурда ата-энелер, кудаалашып жатканда элибизде сураштуруу деген соз бар эмеспи, берилип, сураштырышбаган. Эмнеси болсо да болоор иш болду дейли, бирок эмнеге сиздин ата-энениз бар туруп, тууган урук бар туруп сизди жалгыздадып койюшту оор кырдалда.
    Менин сунушум эгерде сиз, ата-энениз, бир туугандарыныз жана ошондой эле кайын журттар дагы Кыргызстандын ичинде болсонуздар эмнеге сиз тарап чогулуп алдыныздарга чон аксакал ага-эжелерди салып барып адамгерчиликче маселени ортого салып чечип койсо болбойт деген ой. Туугун урук алсыздык кылып жаткан болсо жеке озунуздор айылдын аксакалдарын, абройу бийик инсандарды акчага да болсо жалдап алып барып суйлошуп келсе болот.
    Уй-булолук куболук жок болсо юридикалык жактан алар эч кандай укукка ээ эмес, жана дагы тороло элек ымыркайга.
    Журтубуздун сабатсыздуулугу, карангылыгы, адамгерчиликсиздиги кучоп бараткандыгы албетте жанды кейитет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ