Жыгыласың, турасың, жашоонун өзү жылгаяк

0
646
views

“Жыгыласың, турасың, жашоонун өзү жылгаяк”. Кызык,эмнеге мындай?! Атым Мурат. Жашым 29да. Кадимки тоо койнунда чоңойгон, карапайым үй-бүлөнүн уулумун. Акыркы күндөрү көп ойлонуп, эч нерсеге көңүлүм чаппай жүрөт. Чын эле жашоодо сыноолор көп болобу, же менин эле башыма түшкөн мүшкүл ишпи, билбейм…

Эмесе, сөз учугу башынан болсун.

Көр тириликтин түбү курусун. Ата-энем мени 6 айлыгымда чоң энеме таштап, Орусияга иштегени кеткен. (Атам-Кубат, апам-Салыя) Бир-эки эле кабарын бербесе, көпкө дайыны жок болуптур. Энем байкуш баласы менен келинин күтө берет, күтө берет. А мени болсо, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, тирүүлөй жетим дедирбей багып чоңойтту. Ата-энемди, катылган сүрөттөрдөн жана чоң энемдин, туугандардын айткандарынан гана билчүмүн.

Эсимде, бир күнү кеч күүгүмдө узун плащ кийген, жапалдаш бойлуу бир киши үйгө кирип келди. Көрсө ал атам экен. Сүйүнүчүбүздө чек жок.     Апамды сурасак, көпкө терезеге тигилип туруп, бир үшкүрүнүп алды да, эбак эле ажырашып кеткенин айтты. Башка эч нерсе айткан жок. Шүгүр, жок дегенде атам келди, апа деле келер деп үзүлбөгөн үмүт менен жүрө бердим. Атам айылда көпкө турбады. Бат эле Казакстанга иштеп келем деп кетип калды. (Ошол жактан үйлөнүп, балдары да бар экенин кийин уктук.) Күндөр өтө берди. А мени апам жөнүндө ойлор чулгап алды.                                                Туугандан айланса болот. Атамдын бир туугандары, жакындарыбыз, энемдин баш-көз болуусунан улам, 24 жашымда үйлөндүм. Кудайга шүгүр, эки уулдуу болдум. Өкүнүчтүүсү, ошол сүйүнүчтөрдү апам көрбөгөнү оор болду. Башкалар өңдүү “апа” деп, бетинен сүйүп, кучагында эркелеп чоңойбодум. Апам бар ,келет, сөзсүз табам дей бердим. Чоң энем кубатынан кетип барат, баштагыдай эмес.

Бир күнү эжем (абамдын кызы) гезиттердин бирине менин чакан үй-бүлөмдүн жана 6 айлык кезимде көтөрүп түшкөн ата-энемдин сүрөтүн, даректи жазып, “Апамды издеп келем”деген материал жөнөтүп жиберди. Турмуш өтө берди. Эки уулум мен көргөн күндү көрбөсүн деген ойдо ар кайсы кара жумушта иштеп, багып жаттым.

Бир күнү бейтааныш бирөө чалып, гезиттеги жагдай тууралуу сүйлөштү. Көрсө, ал тагам экен. Негизгиси апамдын бар экендигин, Нарында турарын, мейманчылыкка чакырганын уккандагы сүйүнүчүмдү айтпа… Бат эле чоң энемден бата алып, үй-бүлөм менен Нарын тарапка бет алдык. Өзүнчө үй-бүлө куруп, бала-чакалуу. Бирок, ооруп жатыптыр. Бир тууган карындашым да бар турбайбы.Үч күн мейман болуп, анан айылга жөнөдүк.”Мурат апасын тааптыр”,-деген кептер тарай баштады. Өткөн жылы сентябрь айында (тапкандан 3 айдан кийин) “апаңдан айрылдык”деген суук кабар келери менен жөнөдүм. Багы жокко, дагы жок болуп… Кантсе да, апамды көрдүм, ыраазычылыгын алдым, жайына бир ууч топурак салууга үлгүрдүм. Баягы күндөр өтө берди. Атам болсо, кез-кезде келип турат. Чоң энеме колдон келишинче каралашам. (Уул-кыздарына барып турат)Балдарымдын ар бир кылыгы мени алаксытат. Болор иш болду деп, белди бекем бууп, билек түрүнө жакшы жумушта иштей баштадым. Аттиң ай, көпкө созулбады. Эч нерседен тоотпогон шум ажал, балдарымдын мээримдүү апасын, сүйүктүү жарымды да алып тынды. Таңга жуук, алар уктап жатканда, эшикке чыгып, мал-салга чөп салып дегендей, бир иштерди бүтүрүп, 20-30 мүнөт ичинде үйгө кирдим. Кичүү балам ыйлап жатыптыр, чоңу апасын тургуза албай убара.Тур, таң качан аткан, балдарды кара десем, үн жок. Төшөктү тартып карасам, өңү такыр башкача, ойгонбойт, тили артка кеткен. Коркконумдан титиреп, “тез жардамга” чалганча эле коңшуларга жүгүрдүм. Баары келди, бирок качан эле коштошкон экен, жарыктык. (Кээде ооруп турчу) Эшиктен үйгө киргенче айрылып калам деп, үч уктасам түшүмө кирбеген. Өлөрүн билгендей, бир күн мурда бардык айылдагы жакындарга, атүгүл чоң энеме да (набатын көтөрүп) барганычы. Өтө чоң сокку болду. Жамандык мынча мага жабышты. О Жараткан, кайсы күнөөм үчүн?.. Эми мынтип, мен сыяктуу балдарым да өз эне мээримин көрбөй өсөт.Чоңу: “Апам качан келет, каякта?”-деп сураганы, сураган. Эх, эч кимдин башына меникиндей түйшүк түшпөсүн. Бир жумадан кийин, айылдагы бир топ жигиттер менен Орусияга иштегени кетем(1жылга). Жыргагандан кеткеним жок. Балдарымы атамдын карындашы Сапаргүл эжеме таштай турган болдум. Ал жакта эмне күтөт табышмак. Кандай болбосун, балдарымдын бактысы үчүн баарына даярмын. Бешенеме чоң энем узак жашасын…

 

Текстти жазган: “Тв Академия-6” долбоорунун катышуучусу Асанбек Арыкбаев.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ