“Бактылуу балкон”

0
634
views

Мен сага эч ким эмесмин, а бирок кай жакта ким менен эмне кылып жүрдүң экен деп, барибир мурдакыдай ичимден кызгана берем. Сен мага өмүр бою бүтпөгөн улуу чыгарма болуп каласың. Сен менден башкаларга жөп-жөнөкөй бир кызсың. Бирок мен үчүн өзгөчө жан болуп, жан дүйнөмдө кала бердиң. Деңиз шамалга эркелеп, ары-бери чайпалганда, көптөгөн кемелер кырсыкка учурарын билсең керек. Сенда эркелеген сыяктуу жан дүйнөмдү кыйраттың да кеттиң.

Ош шаарынын четинде көп кабаттуу үйлөрдүн биринде, бир бактылуу балкон бар. Мен ошол жерден өткөндө, дайыма кылчая карап, балконду карап өтөм. Билем сен ал жерде жашабай жатасың, бирок барибир карай беремин, анткени ал балкондон бир кездери жарк этип чыга калып, ылдыйга карап ” аа келдиңизби, азыр чыгамын э” деп анан ылдыйга тыпылдап түшүп келет элең…

Азыр терезеден түнкү асманга карап олтурамын. Асман ачык. Жылдыздар жымыңдайт. Жаңырган ай “С” тамгага окшоп калыптыр. Ага улап “агындым” деп жазып койдум. Бирок ал мага гана көрүнүп турат. Кызыгы сен азыр мени унутуп калсаң керек…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ