Биз бактылуу элек…

0
678
views

Бизде баары бар эле. Үйүбүз, автоунаабыз жана дүкөнүбүз бар болчу. Мен ал кезде 6 жашта болчумун. Биз аябай бактылуу элек. Атам, апам, мен болуп жыл сайын эс алганы барчуубуз.

Бирок бул бактылуу учурлар көпкө созулган жок.

Бир күнү атам үйгө мас абалда келди жана апамды уруша баштады. Апам унчукпайт, анын жанына барып апама болушмакчы болгонумда мени түртө салып бөлмөсүнө кирип кетти. Аябай ыйладым. Эң жакшы көргөн адамым биринчи жолу жүрөгүмү ооруткан болчу.

Бирок бул акыркысы эмес болчу. Атам эртеси күнү да ичип келди. Кайра эле ошол жаңжал, бирок бул жолкусунда мен атама жакындаган да жокмун, бөлмөмдө ыйлап жата бердим. Атамды жек көрө баштадым. Эмнеге атам мындай жаман адамга айланып калды? Эмне себеп болду? Жооп издей берчүүмүн.

Бул абал күндө кайталана берди. Үйүбүздө бактылуулук жоголду.

Бир күнү атам түшкө жуук келип үйдөн кагаздар салынган папканы көтөрүп чыгып кетти. Маанайы жок, ачуусу да келип турган экен. Апам ашканада болчу, чыгып менден “атаң эмнени алып кетти?” деп сурады. “Билбейм бир кагаздарды”- деп жооп бердим.

Ошол түнү атам адаттагыдай мас абалда келди. Жана адаттагыдай апамы урушуп кайра чыгып кетти. Апам ыйлап мени кучактап отуруп калды. Үч сааттан кийин апамдын телефонуна атам чалды. Апам телефонго жооп берсе бейтааныш бирөө тезинен ооруканага келиңиздер деп айтты. Апам мени  шашыла кийиндирип, дароо ооруканага жетип бардык. Атам үйдөн чыгып, унаасы менен баратып жол кырсыгына учураптыр. Абалы аябай оор экен. Операцияга алып киришкенин, дарыгер чыкканга чейин күтүп турушубузду айтты. Бир саат дегенде дарыгер чыгып, атамды аман алып кала алышпаганын айтышты. Апам турган ордунан отуруп калды. Мен ыйлап жаттым.

Ошентип атамдын сөөгүн жерге бердик.

Бир нече күндөн кийин бейтааныш адамдар келип үйүбүздөн чыгып кетишибизди айтты. Көрсө атам ал адамдар менен кумар ойноп үйдү, дүкөндү күрөөгө коюп утулуп калган экен. Биз үйдү бошотушка мажбур болдук. Эч канча акчабыз жок болчу. Апам менен таянемдикине бардык. Апам иш издей баштады. Бул жерде жакшы иш чыкпаганынан Орусияга кетмекчи болду. Мени таянемдикине калтырып, “бир аз убакыт тура тур алып кетемин өзүм менен ” деген болчу.

Бирок… бирок арадан үч жыл өттү апамдан эч кабар жок. Бир да жолу байланышпадык. Аябай сагындым. Бир көрсөм, үнүн уксам деп ар күнү үзүлбөгөн үмүт менен келип калаар деп күтөм. Балким бир күнү көп акча таап келип калаар. Кайрадан чогуу жашап, бактылуу болчу күндөр алыс эместир.

Мунун баарына ичкилик жана кумар оюндары себеп болду. Биздин үй-бүлөнүн түбүнө жеткен ошол арам ичимдик болду. Нечен үй-бүлөлөрдү бузуп, нечен балдарды жетим калтырган ошол ичимдикти чыгарган адамдарга каргыш айтып жашап келем…

 

Автору: Жакыпова София

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ