Менин Аруузатым

0
1557
views

Адамзаты аруу, таза бойдон калгыбыз келет. Анткен менен улам акылга -акыл кошулган сайын кээде көңүл шат, кээде тескерисинче тагдырдан сокку жеп, мизибиз кайтып мокогон учурда жаралганыбызга бушайман болобуз. Албетте. Мунун баары, атүгүл бизге келген өмүр да, бакыт да убактылуу нерсе. Тактап айтканда эң чоң белек экен.

Өмүр артынан өлүм келерин билсем да, кайгы артынан бакыт келерине ишенип жашадым. Акыры ишеничиме жараткан да ырайым кылды көрүнөт. Мага сени, сага кошо аруу бир перзент берди. Эх, десең! Наристелүү болгонумду уккандагы алгачкы сезимдерди айтып бүтө албайм. Достор менен бөлүшүп, дуулдап жүрүп да өзүмө өзүм батпайм. Канымдан бүткөн чүрпөмдү карап тойбойм. Ошентип ыңаалаган менин Аруузатым быйтыйган колдорун кыбыратып, анан көзүн ачып ата-энеси экөөбүздү көрдү. Анан мыйыгынан жылмайып күлүп, бизге кубаныч тартуулады.

Улам күн өткөн сайын түрдүү өнөрү чыгып келаткан секелегимди алып келип, мага ааламга сыйбаган бакыт тартуулагандыгын үчүн мен бүгүн дүйнөдөгү эң бактылуу адамын. Жогумду бар, жарымымды бүтүн кылган Аруузат силер бар үчүн бул дүйнөдө мен бармын.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ