Менин да жүрөгүмдө сырларым көп

0
724
views

Оштон Бишкекке карай жол тартканы жаттым. Сен мени унутуп каласың деп жоодураган көздөрү менен карап турду. Мен анда анын мындай сөздөрүнө күлчүмүн. Ошентип жолго чыктым.

Күнү-түнү телефон аркылуу сүйлөшүп, айтоор сөз бүтпөй таң атчу болду. Барган сайын көнүп бараттым. Анын үнүн укпасам жаңы күн башталбай тургандай. Бактылуумун! Сүйгөн жумушум, сүйгөн адамым бар. Менде бар нерселерди арзуу кылгандар канча?!

 

Бир күнү катуу ооруп калдым. Жанымдагыларга ыраазымын, колдорунан келишинче карап жатышты. Тез жардам келет, убактынча басаңдап, бир аздан соң дене табым андан өтүп көтөрүлөт. Үч күндөй өтүп, үйүнө Ошко жиберели дешти. Кубанычымда чек жок. Ооруганымды да эстен чыгардым. Келээрим менен ага жолуктум. Сезимдерим далилденди. Мен аны сүйүп калган окшойм…

Күндөрүм ансыз өтпөйт. Эртеби-кечпи чогуубуз. Аптаптуу жайдын күндөрү. Акча жок. Чаңкаганда тыйындарды чогултуп, бир кичинекей идиштеги шорону бөлүшүп ичет элек. Курсак ачканда Токтогул сейил багындагы тыт менен тоюнганыбыз эсимде. Мен ага дос да, сырдаш да болдум.  Болгон ойдун баары менен бөлүшчү болдук. Эркек балдардан калышпай достору менен футбол, counter strike, play station да ойночумун. Биздин ушундай идеалдуу мамилебизге баары суктанчу эле.

Дем алыш бүттү. Алдыда аткарыла турган иш көп эле. Борборго кайтууга убакыт да жетип келди. Кетиргиси келбей, “Бул иштин сага эмнеси пайда?” – деп ачууланып жатты. Бир жактан балалыгымдан арзуу кылган, орундалып бараткан кыялым. Дагы бир тараптан сен деп соккон жүрөгүм. Бир аз ойлонгондон соң төмөнкүчө жооп кайтардым:

– Турмуш курабыз, үйлөнөм де, мен баарын таштайм. Сен айткан замат мен сендикмин. Даяр болбосоң менин жолумду тоспо, карьерамды улантайын.

Билем адилетсиз сүйлөдүм. Ошол кезде анын үйлөнгөнгө шарты жок экендигин билет болчум. Билип туруп сөздөрүм менен анын көңүлүнө катуу тийип алдым. Анысы аз келгенсип:

– Кыялымды тандадым, чын сүйсөң күтөсүң, – деген сөздөрүм жүрөгүнө ок болуп тийген экен.

– Карьера дедиң, менден баштагыдай мамиле күтпө! –  деди да узатып жиберди.

Чалсам албайт, алса да суз жооп берет. Текеберим кармап жалдырабайм- дедим. Ансайын алыстап бараттык. Сагынамын, сүйөм деп айткым келет. Мындай суук мамилесине чыдабай, бир ай өтпөй Ошко кайтам дедим. Кетиш үчүн баякыдай ооруп калыш керек эле. Кантсем деп көп ойлонуп жүрдүм. Акыры үйдүн 2-кабатынын тепкичинен ылдый карай боюму таштадым. Эсим жоготуп, ооруканага алып барышты. Ал жерде дарыгердин жазган дары-дармегин алган сайын, чын эле оорукчан болуп калбаймынбы?- жүрөк безилдейт. Атама чалып, жетекчиме айтып мени үйгө чакыруусун суранып ыйлап жаттым. Баары мен каалагандай болду. Ошко келдим.

Ал таптакыр бөлөк адам, өзгөргөн. Менсиз жашап үйрөнгөнүн айтып, “карьерам ушуну менен бүттү дегенде кел, ошондо мамилебиз мурункудай болот”, – деди. Ушул сөздөрдү угуу үчүн өзүмө кастык кылып, ийне сайдырып, жанымды кыйнадымбы? – деп ызааланып жаттым.

Мурункудай эмес, пикирлерибиз келишпейт, урушабыз. Акыры коркутуп, мен башка чыдабайм, экөөбүз сүйлөшпөйбүз –  деп айттым да үйгө кирип кеттим. Байкап турсам ал унаасында көпкө чейин кетпей отурду, бирок эч нерсе дебестен жөнөп кетти. Албетте мен башкача жыйынтыкты күткөн элем.

Бир жума өттү. Кабар жок. Кайра келет деп мурунку адаттарымды калтырдым, өзгөрдүм. Кээ бир ал жактырбаган досторум менен сүйлөшпөй да калдым. Жылыш жок. Укса кайтат деп карьерамды таштадым, ырдаган топтон чыктым. Бул нерсеге башка себептер да бар. Бирок эң башкысы, эч ким билбеген себеп ушул эле.

Ичимен сыздап жаттым. Күттүм. Ал, ал келген жок… Бир ай мурунку баары суктанган менин жашоом, кургак чөлгө айланды. Ойлоп көрсөм баары жайында, баары бар. А мен бактылуу эмесмин. Себеби сен жок!

Баарына ыраазымын. Анткени сүйүүсүз мен болбогон нерселерди жашоомдо баалап жүргөнүмө көзүм жетти. Бакыт – деген сөздүн маанисинде такыр башка нерсе тураарын түшүндүм. Сага чоң рахмат. Бирок, артык көңүлгө эч ким сыйбайт. Жүрөк муздак. Сени унуткум келет, унуталбайм. Башканы сүйгүм келет, сүйө албайм. Баары бөлөк, баары сенден башкача… Билбейм, бул жазганым сага жетеби? Жетсе бил, менин да жүрөгүмдө сырларым көп!!!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ