8-мартты майрамдоо керекпи?

0
294
views

Албетте анын сөздөрү балким кимдир бирөөгө маанисиздей туюлат. Кээ бирөөлөргө тескерисинче жакпайт. Канткенде да сиздердин да оюңуздарды билгим келди.
Менин колума калемсап алып, бул окуя тууралуу кеп козгогонума бизге сабак берген агайыбыздын оозунан уккан сөздөрү себеп болду. Чогулганыбыздын себеби, бир агайдын сабагын алабыз. Ал негизги сабагынан тышкары, кээде дүйнөнүн ачуу чындыктарынан коркуп, таттуу кыялдар менен жашап жүргөн окуучуларына, бул дүйнөгө эмнеге келип, эмне үчүн жашап жатканын, дүйнө таанымы, жашоодогу ордун табууга жардам берет. Менин сөздөрүмдү окуган соң сиз: “Менда ушул нерсени ойлогонмун” – дешиңиз мүмкүн, бирок айтпагансыз, демек сизда жөнөкөй эл катарын толуктап жүрөсүз. Катардагы адамдын оюна келбегендей ойлонгон, түшүнүгү да өзгөчө инсан, бүгүнкү майрамды коңүл ачып өткөрбөйт.
Эми жогорудагы окуя жөнүндө айтып берейин. Биз күндөгүдөй эле сабакка келгенбиз. Айтмакчы, агай кечиккенди жаман көрөт, бирок биз барыбир пендебиз да, кээде кечигебиз. Агай да айтпайт. Ошентип, сабак башталды, сабакта талкуулар, талаш-тартыш кызуу жүрөт. Бир кезде агайдын телефонуна коңгуроо келди. Бизге тапшырма берди да, өзү четке чыгып жооп кайтарды. Мен анын сөзүн уккум келген жок, аргасыздан барибир көңүлүм бурулду. Менде болсо төмөндөгүдөй суроо пайда болду.
Ал кайсыдыр журналистин 8-мартка сураган куттуктоосуна “жок” деп жооп берди.
“ 8- мартта баары майрамдайт. Агай эмне үчүн майрамдабайт”- деген суроо эле. Анан жоопту агайдын өзүнөн сурап алайын дедим. Бирок агай “Өзүң ойлонуп көр”- деди . Арадан күндөр өттү, менде бул суроого жооп табылган жок.
Бир күнү кызык окуя болду. Биз күндөгүдөй сабак өтүп жатканбыз. Сөзгө сөз уланып, кайра 8-март жөнүндө талкуу башталды. Мен агайдын оюн билүүгө кызыгуум ого бетер артты. Анткени, көпчүлүк көрө билбеген жагын айтып, бизди таң калтырарын билчүмүн. Агай ойлуу туруп:
”Майрам бул өзү жакшы, майрамдаш керек. Бирок анын ордун билүү керек. 8-мартты жалпы аялзатынын майрамы дешет. Бирок ошол күнү канча кыздын намысына доо кетет. Канчасы көз жашын төгөт. Биз ошону билип, кантип майрамдайбыз? ”-деди. Жүрөгүбүз тыз дей түшкөнсүдү. Эми ушул күндүн кандай гана оордугун сезе баштадым. Сиздер майрамдай аласыздарбы?
Ооба, кимдир бирөө айтышы мүмкүн:
”Албетте майрамдайбыз, адам деген өзүнө тың болушу керек”-деп. Бирок биздин кайдыгерликби?

Автору: Анара Алибай кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ