Себепсиз баш кошуунун акыры себепсиз ажырашууга алып келди

0
639
views

 

Эмнеге мындай болуш керек деп кээде өзүмө суроо узатам. Бирок, жооп жок. Балким мен ката кетиргендирмин. Кайда? Качан? Билбейм! Мен бул окуяны кеңеш суроо үчүн эмес, болгону ичимдегини айтып жеңилдегим келди. Анда сөз башынан болсун.

 

Окууну бүтүп Бишкектеги бир университетке окууга тапшырдым. 2 жыл жакшынакай окуп, ата-энемди сагынып кеткениме чыдабай Ошко окуумду которуп алдым. Үйгө келсең биринин артынан бири жуучулар келе баштады. Анын арасында тайакемдин да баласы бар эле. Тууган болсок да мен аны көргөн эмес экенмин. Байкашымча ал деле мени көрбөгөн. Үйдө атам, апам болуп тамактанып олтурабыз. Бир убакта тайакем женем менен кирип келди. Жакшынакай чай, нанын берип узаттык. Бул көрүнүш 3 күнгө созулду. Ойдо жок олтурган жеримен апам кирип, Талас менен жолугуп көр деп чыга келди. Таң калып апамды карасам, кызым сени ага берип жаткан эч ким жок, болгону бир жолу жолугуп кой кулагыбыз тынчысын деди. Көрсө тайакемдин баласы Талас мага жуучу жөнөтүп жаткан экен. Апамдын бир сөзүн эки кылбайын деп макул болдум. Мына ошол “макул” деген жообум мени бактысыз жашоого макул болгонум экен деп ойлоп калдым.

Ошол күндүн эртеси эле жолугушууга чыктым. Апамдар ал күнү иштери менен шаарга кеткен болчу. Талас менен досумдун үйүнөн жолуктум. Ошол күнү эле мени ала качып кетти. Кайда алып баратасың, деген сөзүмө карабай үйүнө алып барды. Тууганбызго чай-пай ичип келесиң деп койот. Үйүнө жеткенде бардык туугандар чуркап чыгышып, Таластын достору мени көтөрө үйгө сүйрөп калышты. Казандар кайнап жатат, үйдө көшөгө асылган. Мен болсо ыйлагандан башка колуман эч нерсе келбейт. Телефонумду да алып коюшкан. Же атама чалалбайм, же апама. Көгөрө ыйлаганымды көрүп бир жеңем телефон алып келип берди. Апама чалдым. Апам атама айтып алар  келишкенче мага жоолук салып отургузуп коюшту. Кыскасы, ошентип тайакемдин келини болдум. Мен баргандан көп өтпөй кайнисиңдим турмушка чыкты. Анын септерин бүтүр, үйлөрдү жыйна. Кыскысы тойго чейин бир да мүнөт тыным болбоду. Ал да мейличи мени жар кылып алган Таласка азыркы күнгө чейин таң калам. Турмуш курган күнүбүздөн кийин 2 күн жакшы сүйлөшүп жүрдүк. Андан кийин такыр сүйлөмөшмөй жок. Тилин жуткандай кыбырап жүрө берет. Жашоо ушул экенда, деп тиричиликти улап жүрө бердим. Көрсө күйөөсү аялына сүйлөбөш керек экенда деп таң калчумун. Биздин бири-бирибизге сүйлөбөгөнүбүздү кайнэнемдер да байкап калган окшойт.

  • Ээ кызым силер өзү сөйлөшөсүңөрбү деп калды.

Мен болсо жылмая “ооба” деп койом. Бирөөнүн босогосуна барган соң жолдошуңдун кылган андай мамилесине чыдаш да кыйын экен. Ошентип арадан 2 ай өтүп жолдошум Москвага кетти. Мен болсо айылда калдым. Анын кетишине бир күн калганда дос кызымдан угуп калдым. Ал мени билет деп ойлоп, аяш акеңе бир деме берели дедик эле, аяш ала кетсин, деп суранып калды. Таң кала сыр бербей макул дедим. Акырын кайнимден сурасам, ооба билет, алган, деп жооп берди. Ага да унчукпадым. Ошол күнда келди. Түбөлүк бактылуу кылам деген жолдошум түбөлүккө мени таштап кетти. Ошол бойдон чалып да, жазып да койгон жок. Акыры телефон аркылуу жообумду берди. Эмне болгонун азыркы күнгө чейин билбейм. Же ал да жарыла мындай болгон деп ооз ачпайт. Балким менден кеткен, мен бир нерсени ката кылгандырмын. Бирок ажырашуубуздун себеби белгисиз бойдон келүүдө. Ошондуктан айтаарым, кыздар турмушка чыкканда өтө этият болгула. Жашоо биз ойлогондой ширин эмес экен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ