Этти туура бышыруу эрежеси

0
973
views

Кыргыз эли этти туура бышырууга чоң көңүл бөлүп келген. Эт бышырууда устукандардын эти ажырап, эзилип калбай, даамдуу даярдалышына өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

Этти муздак сууга салуу керек. Ысык, кайнаган сууга салганга болбойт. Себеби, эт ысып калган сууга салынса, бышкандан кийин кызарып, көзгө комсоо көрүнүп калат.

Этке сууну ой келди куя бергенге болбойт. Суунун деңгээли (2–3 см.) эттен жогору болушу керек, андан кийин гана очокко от жагылат. Этти бышырууда отту күчтүү кылып жакканга болбойт.

Эгерде отту алоолонтуп чоң жагып алсак, анда, биринчиден, кайнаган суу ташып, сорпо коромжу болуп калышы мүмкүн, экинчиден, шарактап катуу кайнаганда эт катуу бышып калат. Ошондуктан суу бир кайнагандан кийин отту басаңдатуу керек.

Казандагы суу жай кайнаганда эт эзилбей, мыкты бышат. Тузду эрте салганга болбойт. Казан кайнагандан кийин гана этке туз салынат. Казан кайнаганда пайда болгон көбүк (чий көбүк) башка идишке кашык же депкир менен алынып салынат же сорпону улам-улам сапырып чий көбүктү таратат.

Чий көбүк алынып бүткөндөн кийин кайнаган сорпону тез-тез сапырып туруу керек.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ