Үйгө байланган тагдыр

0
535
views

Ойлочумун менин тагдырым, менин турмушумда болгон жан кейитээрлик, адам чыдагыс окуялар түбөлүк эч кимге айтылбай өзүм менен аркы дүйнөгө кетсе, эч ким билбесе, деп. Анткени, тааныган адамдарга, досторума алсыз, кароосуз көрүнгүм келген эмес. Бирок кимдир бирөөнүн менин абалыма түшүшүн такыр каалабайт элем…

Үч бир тууганмын; эжем, мен жана иним.Эсимде,эжем аябай татынакай, жароокер ,боорукер кыз эле, экөөбүз бирге ойночубуз, жыгылып калсам алапайын таппай чуркап келип, жерден алып, көз жашымды аарчып, эч нерсе болбодубу, катуу оорубадыбы, деп ыйламсырап, кайгыраар эле. Эх, балким ал тирүү болгондо мен мындай кордук көрбөйт белем, деп өкүнүп калам. Ал 15 жашында сарык менен ооруп жүрүп оо дүйнө сала берди.Андагы жалгыздык, кусаланууну айтпа… Жаныбызда ата-энебиз болсо да эжемин орду,бир туугандын бары башкача экен.

Атам, апам, иним менен бирге Орусияда жашап иштечү. Акча жөнөтүп, короого эки кабат, заманбап үй салдырганбыз. Ремонту күздө бүтүп, атамдар Орусиядан келээри менен элге той берип, киребиз деп жатканда эжем кайтыш болуп кетип той да болбой тажияга айланып кетти. Өздөрүн күнөөлүү сезген ата-энем бизди карап,10 жылдай ушул жерде болду анан майнап чыкпайт, жумуш жок, жашаш керек дешип кайра Москваны көздөй сапар алышты . Мени болсо чоңоюп калдың, үй-жайды кара,баш-көз бол. Корксоң коңшу кыздарды алып келип ал ,шерик болот дешти. Ооба жакын жашаган кыздар бир күн жатышты ,эки күн. Башка күндөрү келбей коюшту. Алар деле өз үйүндө болгусу келет го. Мен түшүнүп тартына баштадым. Эми бала кезде ар дайым жанымда болчу эжемди сагына баштадым. Анын жанына баргым келет. Муздак жерде үшүп жаткан болсо жылытып жанында болгум келет.Эмнеге минтип таштап кеттиң? Сенин ордуңа мен барсам болбойт беле деп ыйлай берип кыйналып кеттим.

Бир күнү жамгыр жаап өткөндөн кийин сыртка чыгып асман тиктеп олтурсам ары жактан эркек кишинин үнү чыкты. Чочуп кеттим. Тааныбадым. Жакындай басып өзүн Эрмек деп тааныштырды. Апам тараптан алысыраак тууган экенбиз.Эмнеге келдиңиз деп сурабадым. Бир аз копол болуп калбасын деп, “үйдө атамдар жок Москвага кетишкен” дедим. Ал “билем, силерди жакшы тааныйм . Силер жака келип калдык эле, сурашып кой” деп апам айтканынан келип олтурам.

-А жакшы үйгө кириңиз, чай ичиңиз, – деп сунуштадым. Ал бат эле башын ийкеп кирип жөнөдү. Жакшылап сүйлөшүп олтурдук. Эки сааттай убакыттан соң, “мен барайын бирок тез-тез келип турсам, кабар алсам болобу?” – деп сурады.Тууган экенбиз мейли дедим.Үйүнө кетти. Анан күн алыс келе турган болду. Апам салам айтты. Атам апаңын телефон номерлерин сурап жатат деди. Эмне кылат экен десем, сүйөшөм дейт го деп сыр бербей койду. Көрсө кудаа түшмөк болуптур. Аны апамдар эртеси чалып айты. Сүйлөшөт экенсиң, жолугушуп жүрүпсүңөр, макул болсоң барып тоюңарды өткөзүп, сени тындырып келейли. Ансыз да сарсанаа болуп жүрөбүз дешкенинен, ойлонуп калдым. Андан башка не кылмак элем. Жалгыз аялдын бул дүйнөдөгү негизги максаты – жар болуу, эне болуу го деп макулдукгумду бердим. Анан калса Эрмек түшүнүктүү, жогорку билимдүү, кесиби боюнча юрист. Апасы, үй-бүлөсү жакшы адамдардай сезилди. Мына ошентип той болду. Ата-энем эртеси эле кайра кетип калышты. Жумушубуз жооптуу, кокуй кеч калсак башка адам алып алат дешти. Мына эми мен үчүн жаңы жашоо башталды. Баары жакшы, мени аяп кайненем, кайын сиңдилерим иш талашып, жумуш кылдырбай жүрүштү. Бирок бул күндөр узакка созулган жок, бир аз көнө түшкөндөн кийин бардык түйшүктү башыма үйө башташты. Кайын сиңдилерим апам белек кылып алып келген кийимдеримди, буюмдарымды талап кетишти. Айтоор, мен өзүмдү тонолгондой сезип жаттым. Эрмекке айтсам, койчу ошо майда-чүйдөңдү, каадаланасың да тим эле, тууган деген эмне экенин сен билесиңби, берсең эч нерсе болбойт, жебейт деп жинденип койду. Аны сыртта олтурган кайнэнем угуп турган экен. Баары бир бирөөнүн баласы жат адам болбойт деп тетири басып кетти.Ал да менин жасаган жумуштарымдан кынтык таап, Эрмекке жамандап эле туруп алды. Мына эми, ар күнүбүз уруш-талаш.

Бир күнү атаңдын үйүн менин наамыма өткөр, баары бир деле алар жашашбайт деп ооз ачты. Мен, жок карыганда келип жашашат.Өз элин-жерин сагынат, андан көрө өзүңүз иштеп там сатып алыңыз десем. Эмнеге, мен сага ошол үчүн үйлөнгөм, үйдү алышым керек, чалып айтасын деп ур-токмокко алды. Эмне болуп кеткенин билбей калдым. Эмне үчүн? Мен ушуга жаралдым беле? Мен ишенип сүйөнө тураган адам ушундай өзгөрүлөт беле? Эрмек жинденген бойдон сыртка чыгып кетти. Мына эми ичип келе турган болду. Соосунда деле, мас кезинде да үйдү өткөрүп бересиң деген сөзүн унутпай койду. Бир күнү да мына ошентип жаңжал менен олтурсак, Эрмек сенин атаң үйдү сага берем деп аткан экен, болгону сен аны каалабай жатасың. Бул үйдө жашай албайсың. Аны бербесең деп катуу коркутту. Арагын ичип олтурган эле мага жинденип урганда бешенемден өтүп, дубалга тийип сынып кетти. Ордунан тура калып муш көтөрөм дегенде, аркага качам деп жанагы сынган шишенин түбү оң бутумун согончогуна кирип кетти. Өзүмдү жоготуп койдум. Кандын шырылдап суудай агып жатканын билем, андан аркысы эсимде жок. Көзүмдү ачсам ооруканада жатыпмын. … (уландысы бар)

 

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ