Мигранттарга кысым күчөдүбү?

0
529
views

Акыркы мезгилдерде Россияда мигранттарга куч органдары жана улутчулдар тарабынан турдуу кысымдар болуп жатканы тууралуу маалыматтар соцтармактарда айтылып жатат. Wats App колдонмосу аркылуу метродогу вагондордо улутчулдардын зомбулугу видеого тартылып таркоодо:

бул видеолордон массалык турдо жургунчулорго кол салууларды, ал эми полициянын эч кандай аракети байкалбаганын корууго болот.

Орусиялык телеканалдар да Борбор Азиялык мигранттардын образын бурмалап, негативдуу маалыматтарды чыгарып жатканы бар. Бул кырдаалга тышкы иштер министрлиги нааразылык нотасын жонотсун деген сунуштар да айтылууда.Нота жөнөтүү менен чындыгында маселе чечилбейт. Кандай гана нааразычылык болбосун ал каршы реакцияны жаратат. Биз цивилдүү башка жолун тандаганыбыз оң. Борбордук Азия элдеринин жакшылыктарын, достукту, кайрымдуулукту даңазалаган социалдык маанидеги роликтерди соцтармак аркылуу жайылтуу керек. Орустар эле эмес бүткүл дүйнө көргөндөй кылып. Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда СССРдин батышынан келген миңдеген качкындарды биздин чоң ата, чоң энелер асырап аман алып калышканы талашсыз чындык. Бир эле мисал блокададагы Ленинграддан келген 150 баланы багып остургон Токтогон Алтыбасарова.

http://kalempir.kg/kg/posts/4462/

Ошол 150 баланын урпактары бугунку кундо да жургондур кен Россияны мекендеп. Эми ошол чоң аталардын, чоң энелердин небере – чөбөрөлөрү орустар үчүн террорист, гастарбайтер, негатив гана көрүнүп калганы өкүнүчтүү. Буга ошол орусиянын мамлекеттик машинасынын бир беткей пропагандасы да күнөөлүү. “Өткөнгө карай ок атсаң келечек сени замбирек менен атат”- деген Расул Гамзатовдун улуу сөзү бар. Бүгүн өткөн тарыхты унутуп, кайдыгер мамиледе болгондор анын кесепетин жылдар өткөн соң билет. Антейин десең жылдар өткүчө эле, учурдагы мамиле замбирек менен атылган келечектин жыты жыттанат. Ошон үчүн биздин бийликтегилер жогорку деңгээлдеги пропагандалык иштерин мамлекеттик масштабда жүргүзүшү абзел. Телеканалдарга, киностудияларга, продкашн студияларга, тарыхый фактыларга таянып, биздин элдин боорукердигин, интернационалдуулугун, кайрымдуулугун даңазалаган роликтерге буюртма берип же конкурс жарыялашы керек. Ошол роликтер соцтармактар аркылуу жайылтылат. Бул ультраулутчулдарга каршы идеологиялык согуштун башталышы гана. Мындай иш аракеттер коңшу өлкөлөрдө колго алына баштаптыр. Биз дагы жара тырмак киришсек көп нерсе жарата алабыз.


Бул маселенин бир жагы. Кыргызда «керкисинде да кемигинде да бар» деген накыл соз бар. Орустардын озундо «в чужой монастырь со своим уставом не ходят» дешет. Биздин мигранттардын орусиядагы ашкере жоруктары да алардын нааразылыгын жаратууда. Мисалы биздин Кыргызстанда башка улуттун окулдору уйлонуу тоюнда оз улутунун мамлекеттик желектерин кыйкыра которуп, кочону ээлеп ызы-чуу сала албайт. Майрамдарда бактарга барып алып, шашлык бышырып, аккордеон ойноп концерт коюшпайт. Кечтен тан аткыча кафе ресторанда мас болуп, мушташып эс алышпайт. Эгер ошентишсе жергиликтуу “баатырлар” коргулукту корсотот. Москвада жана башка шаарларда биздин кыргыздар учун бул нерселер кадыресе эле корунуш. Орусту карап отуруп кээде кен пейилдигине там бересин. Албетте ар улуттун арасында бар «бир карын майды чириткен кумалактар». Маселе – чон мегаполиске аттанып жаткан мигранттардын копчулугу ал жердин маданияты, шарты ж.б. тууралуу толук маалыматты албай эле барышат. Керек деп деле эсептебеши мумкун. Баргандан кийин озун уйдогудой эле сезе башташат. Маселен Канадада мигранттарды бир топ убакыт изоляцияда кармап, тарбиялап анан коомго кошот экен. Ага чейин катуу козомолдо болушат. Кокус талапка жооп бербей калсан келген жагына кете бересин. Ушуга окшогон турдуу кырдаалдар бугунку окуялардын жаралышына туртку болгондой. Биздеги чет элге чыгуунун эркиндиги кээде кайра эле озубузго кесепетин тийгизгендей. Мен эркиндикти чектоо деген ойдон алысмын. Бирок, кандайдыр бир жолун таап жок дегенде тилин жакшыраак уйронуп, маданият-тарыхынан, мыйзамдарынан маалымат алып анан бакыт издесек.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ