Баткенде бир үй-бүлө мүчөлөрү эттен ууланышты

0
707
views

Кечээ, 22-майда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда жашаган бир үй-бүлө тойдон алып келишкен этти жеп ууланышкан. Алар кийинчерээк Кадамжайдагы ооруканага жаткырылган.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой үй-бүлө мүчөлөрү тойго барышып, ал жерден бөлүштүрүлгөн этти желим баштыкка салып келип жешкен. Эртеси бардыгы кусуп, ичтери ооруй баштагандыктан аталган райондун ооруканасына кайрылышкан.
Учурда алардын абалы канааттандырарлык.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ