Туура кесип тандоо – ийгиликке жол ачат!

0
426
views

Турмушта үч нерседен адашпоо керек. Анын бири – кесипти туура тандоо. Кимдир бирөөгө анчалык көңүлгө алаарлык көрүнбөгөнү менен акыркы учурда заман талабына жараша  өтө зарыл болуп турган, кирешелүү кесиптердин бири – тигүүчүлүк.

Наргиза Сулейманова 39 жашта.  17 жылдан бери дизайнер болуп иштейт.  Анын ар бир күнү эртеден кечке ушул жумуш менен өтөт.

Суроо: Айтсаңыз, бул кесипти кандайча аркалап калдыңыз?

Наргиза Сулейманова: Мага бул талант апамдан  өткөн деп ойлойм. Анткени, апам ар дайым ушул иш менен алек болуп жатканда, бизди чакырып, адегенде ийнеге жипти кантип өткөрөөрүнөн тартып, чоң нерсеге чейин тигүүчүлүктүн сырларын үйрөткөн.  Кичинекей кезибизде көбү тикмечилик менен алек болчу.  Кызыгы, бул иште аялдар  гана эмес, эркектер да эмгектенет. Ар кандай ойлоп табууларды киргизип, кардарга жага тургандай тигүү үчүн изденүүчүлүк, талбаган мээнет талап кылынып,  аялзаты үчүн өтө пайдалуу кесип катары эсептелет.

Наргиза бул кесипти тандагына эч өкүнбөйт. Себеби, тапкан каражаты жакшы. Заман талабына ылайык кийимдерди тиккендиктен кардарлары да арбын. Жумасына, кымбат делген, маселен,  10-15 миң сомдун айланасында бааланган  3-4 кийимди бүтүрөт.  Ага дайыма кол кабыш кылган шакирттери да бар.

 Феруза Кулмаматова – студент.

Кичинекей кезинен тигүүчүлүккө кызыккан Феруза Кулмаматова да  бул жаатта окуп-иштеп келет. Анын айтымында, чеберчилик бир эле акча табуу үчүн эмес, айрыкча кыз балага күндөлүк турмушта  абдан керектүү  иш деп эсептейт.

Мекендештерибиздин көпчүлүгү чет өлкөгө барып аялзатына туура келбеген кара жумуштарда эмгектенишет. Бул албетте, келечектеги энелердин ден соолугуна зыянын тийгизбей койбойт. Дегенибиз менен Орусия жергесинде да тигүү цехтеринде иштеген мекендештерибиз бар. Алар атайын окуп-үйрөнүп анан барышат.

Учурда бүтүрүүчүлөрдүн көбү кесип тандоодо башы катып, бир чечимге келе албай жатканы белгилүү. Бирок, баары эмес. Айрымдарына кайсы кесипти тандаары тууралуу сураганыбызда төмөнкүдөй жооп алдык.

Кайсы кесипте окугуң келет?

Нуркулов Нүзүп окуучу: “Мен дарыгер болгум келет. Жаш кезимден бери ушул кесипте окусам ниет кылып келем. Адам баласына биринчи байлык ден соолук болгондон кийин, ушул жаатта иштесем дегем. Өмүр сакчысы болуу кандай сонун.Ошон үчүн Салиева лицей мектеп-интернатында химия-биология багыты боюнча окудум. Буйруса курулуш тармагында окуйм. Чет өлкөдөн билим алууга аракеттенип жатам. Келечекте окуумду ийгиликтүү бүтүрүп, өлкөбүзгө салым кошуу – негизги максатым.

Сен кайсы кесипте окугуң келет?

Мурзуибраимова Жибек окуучу: “Мен дипломат болгум келет. Ал үчүн тил билүү маанилүү да. Учурда, болгон аракетимди ушул жакка жумшап жаткан кезим. Билимдүү жаштар-өлкөнүн келечеги.

Арстанова Айтурган окуучу: “Коомдун күзгүсү болгон мугалим болууну туура көрдүм. Ар кайсы кесипте эмгектенгендердин баарын алгач мугалим окуткан эмеспи. Асыл кесипти аркалоо-мен үчүн бакыт”

Аялзатынын табияты өзгөчө назик болгондуктан, кооздуктун устасы деп айтууга болот. Ошондуктан, кийимдерди асемдеп тигүү аларга гана жарашат. Айрыкча акыркы жылдары улуттук калориттеги кийимдердин өзгөчө стилде чыгышы буга далил боло алат. Демек, тигүүчүлүк кесип-жашоодо эң керектүү жана каражаттуу десек аша чаппаган болобуз.

Даярдаган: Асан Арыкбаев

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ