Жараткан өзү бул сүйүүдөн куткараар

0
432
views

Бүгүн да билдирүү калтырыпсың! “Кандайсың?” деген.  Бирок, сен менин кандай экенимди жакшы билесиң. Мындан 5 жыл мурун да агенттен  ушинтип жазчусун. Ошол күндөн баштап бүгүнкү айырма мен сени сүйүп калганым, сенсиз жашап жашабай жүргөнүм. А сенчи? Сен башында сырдуу жылмайып, узаакка тиктеп койчусуң.

Ошол көз караш мени өрттөп, бүтүндөй дүйнөнү, кубанычты, бакытты тартуулап, акырында азапка салчуу. Кээде мен сенден көп нерсе талап кылып алгандай болом. Кызык. Бирок, сен мага эч нерсе дебегенсиңго! Сырдуу жылмайышыңдын артында улуу сезим, чоң сүйүү бардай сени күтүп алыпмын! А чынында сен ага милдеттүү эмес элең… Жараткан ушул сезимди тартуулап, мени азапка салайын дегенго чамасы…

Дагы бир күнү жылмайып алдымдан чыктың! Экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук. Анда деле экөөбүз өзүбүз жөнүндө бир ооз сүйлөшпөдүк. Болгону алыска кетип жатканыңды айттың! Күндөр өтө берди. Ошол бойдон көрүшпөдүк! А менин сагынычым кусалыгым, жүрөккө батпаган сүйүүм акырындык менен солуй баштады. Ооба, көөдөндөгү боштукту толтура албадым.  А  убакыт, тагдыр карап турбады. Жүрөк толгон сүйүүм чайпалып отуруп, бөксөрүп, түгөй баштады, а мен түтөп күйө баштадым. Акырындык менен турмуш куруу керектигин жакындарым түшүндүрүшүп, бир адамга баш байлаарда социалдык баракчадан “Кандайсың?”-деп дагы жаздың! Жооп жазбадым. Себеби, өзүмдү кыйнагым келбеди. Бирок, сенин ар бир жылмайышың, көз карашың эч эсимден кетпей койду… Бул арманга эч ким күнөөлүү эместир… Жараткан балким менин сабырымды ушинтип сынап көргөндүр! Бир күнү бул сүйүүдөн кудай өзү куткараар…

 

Кыял

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ