Компьютер тармагындагы купуя сырды ачабыз (Компьютер үйрөн)

0
125
views

Негизги эс тутумда сиздин сүрөт, видео сыяктуу материялдарыңыз сакталса, ал эми оперативдик эс тутумда болсо убактылуу гана маалыматтар сакталат. Такыр алмаштырып албаңыз.Жаңы программалар же оюндарды компьютерге орноткондо жана алар менен колдонгон кезде компьютер ылдамдыгын жоготот, эгер оперативдик эс тутумдун көлөмү төмөн болсо.Эми маселенин чечим жолу….
Сиздин компьютер эгер кыйналып жатса ГБ ты жогоруу оперативдик эс тутум сатып алсаңыз болот.А эгер сизде азыр ага мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо анда бул нерселерди аткарыңыз.Биринчи эле курсорду, өзүңүздүн рабочий столуңуздагы Мой компьютерге алып келесиз. Чычкандын сол жагын басып, СВОЙСТВА га киресиз.Мындай терезе ачылат.Байкаган болсоңуз бул терезеден сиздин компьютерде канча ГБтык оперативдик эс тутум орнотулганын көрүүгө болот. Бул жерден эң төмөн жактагы ДОПОЛНИТЕЛЬНЫЕ ПАРАМЕТРЫ СИСТЕМЫ жазуусун басыңыз. Баш саптагы БЫСТРОДЕЙСТВИЕ жазуусунун тушундагы ПАРАМЕТРЫ баскычын басыңыз.Эми мындай терезени көрөсүз жана ДОПОЛНИТЕЛЬНО жазуусуна киресиз.Көрүп турганыңыздардай бул жерде 3 ГБ эс тутум орнотулган экен. Эгер компьютериңиз катып жатса демек бул 3 ГБ сизге аздык кылат.Демек ИЗМЕНИТЬ жазуусун басуу менен сиз бул терезеден эс тутумдун көлөмүн жогорулата аласыз. Айта кетчү жагдай, менин оперативдик эс тутумум аз болсо, кандайча көлөмүн жогорулатышым мүмүн дешиңиз мүмкүн.Бул мүмкүн..Андай учурда сиз кошумча эс тутумду, негизги эс тутумдан аласыз.Андыктан бул белгини өчүрүп, эстутумду D дан аласызбы же C данбы? Тандаңыз жалгыз ал толуп калбаган болуу керек.Сизге дагы канча кошумча эс тутум керек бул жерге жазыңыз.Жазуудан мурун сизге канча эс тутум сунушталары бул жерге жазылган болот.аны да эске алып коюңуз.А бул жерге максималдуу канча ГБ болуу керек аны көрсөтүңүз.Эми сактаңыз.Сизге компьютерди өчүрүп жандыруу сунушталат. Аны аткарыңыз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ