Кыл кыякта кол ойноткон Айнура турмуш жолуна аттанды

1
529
views

“Алтын балалык”, “Мин кыял”, “Танго”, “Топ жылкы” чыгармаларын скирипкада катыра ойноп, атүгүл жаш жеткинчектерди тарбиялап келе жаткан Айнура турмуш жолуна аттанып, үй-бүлөнүн туткасын жаңыдан кармаган кези. Биз Айнура менен байланышып, маеке тарттык.


-Айнура , куш бооң бек болсун? Ылайым эле кармашкан жолунар эч качан узулбосун! Мен алгач эле сенин журогуңду багындырган мырза жонундо сурагым келип турат.
-Рахмат! (күлүп) Айтканыңыз келсин! Жолдошумдун аты Автандил. Кара-Кулжанын кулуну болот. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң улуусу. Биз Бишкекте концертте таанышып калганбыз. Эки жылдай бири-бирибизди түшүнүп, жакшылап таанып, сүйлөшүп жүрүп жакында 17-июлда баш коштук.


-Концертте таанышканынарга караганда Автандил да чыгармачыл инсан окшойт?
-Автандил чыгармачылыкты түшүнгөн, бирок ал чөйрөдөн алыс адам. Бишкекте медициналык окуу жайында 6-курсунда окуйт. Ошону менен эле тез жардам кызматында иштейт.
-Кайсыл сапаттары менен сени арбап алды?
-Автандилдин боорукерлиги, жөнөкөйлүгү ошол эле учурда каттуулугу өзүнө тартты. Кыскача айтканда ак боз ат минген кыялымдагы жигитти таптым десем болот. Адамга тиешелүү жакшы сапаттардын баары бар. Адамдарды сыйлай билгени да өзгөчө жагат мага.


-Көпчүлүк чыгармачылыл кыздар турмуш жолуна аттангандан кийин убактысын үй-бүлөсүнө арнйат же жолдошу тоскоол болот…
-Негизи скирипка, кыл кыяк бул менин жашоомдун бир бөлүгү. Аны узака кармабай калуу мен үчүн оор. Жаш чагымдан баштап эле алар менин жан досум болуп келет. Аларсыз жашоо кунарсыз десем да жаңылышпайм. Бул сезимдерди, берилгендикти эки жылга жакын убакытта жолдошум жакшы эле түшүндү. Ошондуктан, ар дайым мени колдогонго аракет кылат. Дагы да колдооруна ишенем.


-Келиндик милдетти кандай аткарып жатам деп ойлойсун?
– Бойдок кезде баары башкача болчу. Азыр менде чоң милдет, жоопкерчилик бар. Себеби, менин эми үй-бүлөм бар. Эрте турушум керек, жакшы келин болушум керек. Дал ушундай ойлор мени келечекке чоң кадам таштап, мыкты жубай болууга тарбиялап жатат.


-Эми Айнура, тарбиялаган балдарын да сыйлыктарга татып, эл көзүнө коруно баштады…
-Негизи мугалим болуу оюмда жок эле. Такыр эле каалабайт элем. Бирок, күтүлбөгөндөн эле алардын аруу дүйнөсүнө кирип кеттим. Жадыраган көздөрүн көргөндө өзүмдү абдан бактылуу сезип, жылуу энергия күч-кубат алып иштедим. Алар менен иштөөдө мен өзүмдү эне болууга да даярдадым десем болот. Ал эми Эмир деген окуучумдан көптү үмүт кылам. Бир топ эле эл көзүнө көрүнүп калды. Андан башка да мыкты окуучуларым бар. Эми аларды сагынамго…


-Сагынганына караганда Ошто жашабайт окшойсуңар?
-Ооба, жолдошумдун окуусуна, жумушуна байланыштуу Бишкекте жашайбыз. Мен да чыгармачылыгымды борбор калаадан улантам буйруса.
-Убакыт болуп бизге маек курганын учун чон рахмат! Дагы бир жолу уй-булолук бакыт каалайм!

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Айнура куттуктайм. бактылуу болгула, ойлогон ой максаттарыңарга жеткиле, силерди ийгилик кош . Ар дайым ушул бойдон эле күлүп жайнап жадырап жүрө бер курбум!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ