У.Примов Чоң-Алайда жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөттү (фото)

0
111
views

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов жер титирөөдөн жабыркаган Чоң-Алай районундагы Карамык айылынын тургуну, 3 баласы менен калган жалгыз бой эне Ибадат Мусаеванын үйүн бүтүрүү аракетинде. Буга чейин цемент, кирпич ж.б. материалдар жеткирилип, учурда үйдүн дубалы толук тургузулду.

Ага кошумчаэл өкүлү үйдүнбүт жыгачтарын, эшик-терезелерин, темир-шиферлерин жөнөттү. Кар түшкөнчө Ибадат эженин үйү бүтүп, чатырдан көчүп чыгат.

Аталган айылда болгон жер титирөөдө Раатгүл Арфидинованын үйү да авариялык абалга келген. Бирок, анын башка үй салууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан үй салып берүүнү депутат Улан Примов колго алган эле. Эми бул үй-бүлөнүн сүйүнүчүндө чек жок. Эл өкүлүнүн тапшырмасы менен Раатгүл эженин үйүнүн үстүн жабууга бардык курулуш материалдары жеткирилип берилди. Улан Примовго абдан ыраазы болушту. Белгилей кетсек, Раатгүл Арфидинова учурда 2 баласы менен жалгыз жашайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ