Ошто “Сүйүү” багы ачылды

0
997
views

Бүгүн Ош шаарында бир топ жылдан бери кароосуз калып келген “Мээрим” багы оңдолуп, “Сүйүү”деген аталыш менен кайра ачылды. Бактын ачылыш аземине вице-мэр Замир Аскаров  жана мэриянын жетекчи кызматтары, шаардык интеллигенция шаардыктар катышты. Салтанаттуу  иш чара белгилуу ырчылардын, онорпоздордун   чакан концерти менен коштолду.

Бактын директору Ульфат Досбаеванын айтымында, ишкер айым акыркы эки жылдан бери бакты ижарага алып, оңдоп-түздөө иштерин жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө бүга он беш миллион сомго жакын акча сарпталды. Аталышы да адамзаттагы улуу сезимге арналган. Эми буюрса мындан ары, бак ар дайым шаардыктардын кызматында болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ