Бриллиант сабиз

0
456
views

Канаданын Альберт провинциясынын 84 жаштагы  жашоочусу Мэри Грэм 13 жыл мурда жоготкон бриллиант шакегин короодон казып алган сабизден тапты. 2004-жылы Мэри чон эне огородунда жоок казып жатып шакегин жоготуп жиберген болчу. Мунканган    аял жоготууну  башкалардан жашырып,  ал тууралуу бир гана уулуна айткан.  Жоголгон шакектин ордуна андан арзаныраак окшош шакекти сатып алып, эч нерсе  болбогондой эле тагып журду. Бул сырды жакында эле азыр чогуу жашап аткан келини ачып койду. Анткени кечки тамака короодон казып  алынган сабизди тазалап жатып бриллиант шакекти таап алды.

 

Сабиз  шакектин так ортосунан осуп чыккан экен. Ошонусу менен коп жылдар бою катылып жаткан кымбат буюмдун жер устуно чыгышына оболго болду.  Мэри Грэмдин уулу анын чоо жайын тез эле баамдап апасына суйунчулогон.

Бирок, азыр  Мэри Грэм бул окуяны  мындан беш жыл мурда каза болгон куйоосунон жашырып койгону учун окунот.  Анын айтымында куйоосу абдан шайыр киши болгон: «Балким  ал бул нерседен кызыктуу окуя жаратар беле?».  Эми Мэри чон эне коп жылдан кийин кайра колуна тийген бул кымбат буюмга этият мамиле кылат.

Тарыхта мындай окуя 2011 жылы Швеция олкосундо да болгон экен. 2011-жылы  Швециялык аял 16 жыл мурда жоготкон шакегин короодон казылган сабизден таап алган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ