Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты. Акыркы маалыматтар

0
561
views

Ушул тапта Казакстандын Астанасында өтүп жаткан Көкбөрү боюнча дүйнөлүк мелдеш кызуу жүрүп жатат.
Башында эле ызы-чуу менен башталган бул оюнда Кыргызстандык улакчылар жакшы оюн көрсөтүүдө.Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы:

Кыргызстан — Монголия: 4:0
Казакстан — Афганистан: 9:2
Тажикстан — Өзбекстан: 3:1
Түркия — АКШ: 3:1
Россия — Венгрия: 7:1

Азербайжан оюнга катышпай калганы үчүн Кытай автоматтык түрдө жеңүүчү деп табылган.

Мелдештин экинчи күнүнүн жыйынтыгы:

Монголия — АКШ: 10:4
Тажикстан — Түркия: 12:2
Кыргызстан — Өзбекстан: 11:2
Афганистан — Венгрия: 12:2
Кытай — Россия: 5:0

Азербайжан мелдешке катышпай калганы үчүн Казакстан командасы бул күнү оюнга чыкпады.

Мелдештин үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы:

Кыргызстан — Түркия: 13:3
Казакстан — Россия: 15:3
Тажикстан — АКШ: 9:2
Монголия — Өзбекстан: 9:2
Венгрия — Кытай: 8:2

Азербайжан мелдешке катышпай калганы үчүн Афганистан командасы бул күнү оюнга чыккан жок.

Үч күндүн жыйынтыгы менен “А” тайпасындагы упайлык эсептер:

Кыргызстан — 9 упай
Тажикстан — 9 упай
Монголия — 6 упай
Түркия — 3 упай
Өзбекстан — 0

Бул тайпада лидерлик кылып келе жаткан Кыргызстан менен Тажикстандын улакчылары эртең оюн талаасына чыгат.

Үч күндүн жыйынтыгы менен “В” тайпасындагы упайлык эсеп:

Казакстан — 9 упай
Кытай — 6
Россия — 3 упай
Венгрия — 3 упай
Афганистан — 3 упай

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ