Ромашканын сиз билбеген пайдасы

0
496
views

Өлкөбүздө өскөн ар бир өсүмдүк  дарылык  касиетке ээ экени баарыбызга маалым. Бирок алардын бизге канчалык денгээлде  пайдасы бар экенин биле бербейбиз. Анда сиздерге дары өсүмдүктөрдүн бири болгон ромашканын пайдасы тууралуу аз да болсо маалымат беребиз.


Бул гүл сезгенүүгө каршы кеңири колдонулуучу каражат. Күйүктүн биринчи жана экинчи стадиясына жакшы таасир берет, тактап айтканда, бактерияларды өлтүрүп, ооруну басаңдатат. Сарык оорусуна, ич көпкөнгө жана табарсыктагы майда кум таштарды айдаганга чоң жардам берет. Гинекологияда жатын моюнчасынын сезгенүүсүнөн пайда болгон жарааттарды, ичеги-карын органдарындагы жарааттарды айыктырганга да колдонсо болот.
Колдонуу ыкмасы: 2-3 аш кашык ромашканын майдаланган гүлүнө 2 стакан (400 гр) кайнак суудан куюп, 30 мүнөт демдеп коёбуз. Күнүгө 3 маал жарым стакандан тамактан кийин ичүү керек.
Бронхитте, тонзилитте, фарингитте, лорингитте, сасык тумоодо 1 аш кашык ромашка 400 грамм кайнак сууга салынат. Үстүнө 1 аш кашыктан бал жана аш содасы кошулат. Андан кийин бетти сүлгү менен чүмкөп, идиштеги дары суунун буусунан ооз менен дем алуу керек.
Эскертүү!  Кош бойлууларга колдонууга болбойт!


Дары ванна

1 килограмм ромашка 5-6 литр сууга салынып кайнатылат. Анан сүзүлүп, ваннадагы сууга кошулат. Мындай ыкма тери ооруларында, бут-колдун терчилдигинде, кызыл жүгүрүктө, жараны айыктырууда колдонулат. Бул адамды тынчтандырып, сууктан калтыроону басып, нервди калыпка келтирет.
Ромашка косметологияда

1-2 чоң кашык ромашканын кургатылган гүлүнүн үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 15-20 мүнөт демдеп коёсуз. Андан соң тундуруп, калыпка куюп муздаткычтын тоңдургучуна коюп, муз жасайсыз. Кубик түрүндөгү мындай муздар менен күн сайын эртең менен жуунгандан соң бетиңизди сүртсөңүз, бырыштарыңыз жазылып, бетиңиз жагымдуу түскө ээ болот.
Беттин терисин жана өңүн жакшыртып, бырыштарды кетирүү үчүн 10 грамм гүлүнө 60 грамм суу кошуп, кайнатуу зарыл. Анан 20 мүнөт демделет. Эми андан 2 аш кашык куюп алып, үстүнө бир аз бал, 1 жумуртканын сарысы жана мистенин 2-3 тамчы майы кошулат. 2-3 кабат катталган дакини даяр болгон боткого малып туруп, бетке 10 мүнөт жабуу керек. Анан бет жуулуп, крем коюлат.
Кургак терилер үчүн
Ромашканын кургатылган гүлүнөн 1-2 чоң кашык алып, үстүнө 1 стакан суу куясыз да, 10 мүнөт кайнатасыз. Муздатып, тундурасыз. Кебезди маңызга малып, аны менен күнүнө 2-3 жолу жуулган бетиңизди сүрүп турсаңыз, бетиңиз жумшак болуп, сергийт.
Майлуу тери үчүн
Безеткиге жакын, майлуу беттерди тазалоодо төмөнкүдөй лосьон колдонулат: 1 даана лимондун ширесин айнек идишке сыгып аласыз. Башка идишке лимондун кабыгын майдалап туурап, ага 2 чоң кашык кургатылган ромашканы кошосуз. Үстүнө 1 стакан кайнак сууну куясыз да, үстүн жаап 1 саат демдеп коёсуз. Тундуруп, муздатасыз. Бул маңыз менен лимон ширесин аралаштырып бөтөлкөгө куюп, ага 30 мл арак кошосуз. Мындай лосьон менен бетиңизди күнүнө 1-2 жолудан сүртүп турсаңыз, безеткилерден арылып, бетиңиздин майлуулугун азайткан болосуз.
Чач үчүн кам көрүүдө
Чачты өстүрүү жана  түбүн бекемдөө үчүн 20 грамм кургатылган ромашканын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлуп, 15-20 мүнөт демделет. Анан сүзүп алып, чачты чайкай берүүгө болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ