Кыргызстанда иштелип чыгарылган кийимдерге Ташкентте суроо-талап өсүүдө.

0
356
views

Коңшу Өзбекстандын борборунда текстилдик жана жеңил өнөр жай боюнча эл аралык көргөзмөдө “Made in Kyrgyzstan” брендинин, эркектер, аялдар жана балдар үчүн кийимдерине суроо-талап көп экенине жеке ишкер Ибрагим Ягинбаев күбө болуп кайткан.
“Бизде иштелип жаткан кийимдерге Ташкентте суроо талап күчтүү. Анткени, Кыргызстандын жана Өзбекстандын текстилдик жеңил өнөр жай товарларына кыргыз жана өзбек базарларынан жол ачылды. Эми аларга мыйзамдуу шарттарды түзүү жагы калган”.
Маалыматка ылайык эки өлкөнүн лидерлери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиеевдин 5-сентябрындагы жолугушуусунан кийин эки тараптуу карым-катнаштар жана товар алмашуулар, ар түрдүү иш чаралар бир топ жандаган.
Белгилей кетсек, мындай жарманкелер өнөктөштүк мамилелерди түзүүнүн аянты болуп эсептелет. Иш чаранын жүрүшүндө ар тараптуу сүйлөшүүлөр, коммерциялык сунуштарды иштеп чыгууга макулдашылган. Ушул сыяктуу жарманкелердин өткөрүлүп турулуусу биргелешкен мамилелерди жакшыртууга шарт түзүп берет.
Ташкенттеги “Узэкспоцентр” Улуттук-көргөзмө комплексинде дүйнөнүн 22 мамлекеттин 350дөн ашык компаниясы катышууда. Аталган жарманке жеңил өнөр жай жана текстилдик индустрия боюнча өтүүдө. Иш чара 15-сентябрга чейин уланат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ