Самара Каримованы Маданият министрлиги мамлекеттик сыйлыкка көрсөткөн эмес

0
4396
views

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөндөр тизмесинде жок экендигин билдирген.
Бул тууралуу маалымат жыйында аталган министрликтин сыйлыктар бөлүмүнүн башчысы Муктасар Өзүбеков маалымат берген.
“Кыргызстанда 18-июлда маданият ишмери, артисттер мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүү үчүн 15 жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болуусу керектиги тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Жаш ырчылардын, анын ичинде ырчы Самара Каримованы сыйлаган тизмени президенттин аппаратына министрлик жөнөткөн эмес”.

Маалыматка ылайык, жаңы мыйзамда бардык областтар жана мамлекеттик органдар сыйлыкка көрсөтүү боюнча тизмени бере алышат. Бирок, сыйлыкка көрсөтүлгөн тизме тапшырылганы менен сыйлык ошол адамдарга берилет дегенди түшүндүрбөйт. Тизме тиешелүү министрлик менен макулдалышып андан соң сыйлыктарды кимдер алаары маалым болот.
Муктасар Өзүбеков сахнага чыкканына аз эле болгон жаш аткаруучулардын мамлекеттик сыйлыктарды алып жатканына элдин нааразычылыгы түшүнүктүү деп эсептейт.
Жылына Маданият министрлигине 600дөн ашуун мамлекеттик сыйлыкка талапкерлердин аты-жөнү келип түшөт. Алардын ичинен комиссия 20га жакынын тандайт. Андан соң бул тизме КР президентинин аппаратына жөнөтүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ