Нарын облусунда сибирь жарасы жапырт чыкканы тастыкталды

0
192
views

Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы билдирди. Маалыматка  караганда, быйыл 31-августта Ат-Башы районунун Казыбек айылында ири мүйүздүү мал сибирь жарасынан өлгөн.  Анын ээлери ветеринардык дарыгердин уруксаты жок этти жиликтешкен.  Натыйжада 3 адам кооптуу дартты жуктуруп алышты.

Учурда аталган аймак карантин алдында, жергиликтүү мал эмдөөдөн өтүп жатат. Кырдаал көзөмөл алдында, деп ишендиришет инспекциядан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ