Бүгүн Мамлекеттик тил макамы алынганына 28 жыл толду

0
267
views
Туура 28 жыл мурда Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында “Мамлекеттик тил тууралуу” мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган. 2014-жылы кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алынган.
Ал эми орус тили расмий тил болуп кабыл алынган. Макамы боюнча расмий тил мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинен төмөн турат. Анткени менен байкоочулар кыргыз тилинин өнүгүшү менен катар ага карата кайдыгер мамиле да күч алып жатканын айтып келишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ