Борбор калаада тез жардам унааларынын саны көбөйтүлөт

0
199
views

Тез жардам унааларынын борбор калаада көбөйтүү боюнча шаар мэриясы пландаштырууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов билдирди.

Калаа башчысы 2017-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын тааныштыруу учурунда өзгөчө тез жардам унаалрынын санын көбөйтүү керектигин айткан.

Бүгүнкү күндө борбор калаада жалпы 63 тез жардам унаасы бар. Алардын санын 2020-жылдарда 100гө жеткирүүнү пландаштырышууда.

Ага кошумча, атайын социалдык программанын алкагында өзгөчө сергек жашоого чакырууну көздөн иш аракеттерди да өткөрүү каралган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ