Ромашканын дарылык касиетин билесизби?

0
263
views

Чарчаганда, кофени көп ичип алганда, адам өзүн жаман сезгенде ромашканы дары катары колдонсо, жардамы чоң. Ден соолукка пайдалуу ромашканы косметикалык каражат катары колдонсок да болот. Анын кайнатмасы чачтын түшүүсүнө жана майда какачка каршы колдонулат.

Өлкөбүздө өскөн  ар бир өсүмдүктүн  дарылык касиети бар. Бирок ооруган мезгилде табигый дары өсүмдүктөрдү  колдонбойбуз. Алсак ромашка – байыртадан колдонулуп келе жаткан ишенимдүү дары каражат. Организмге терс таасири жок бул гүлдү сиз да пайдаланып көрсөңүз болот.

Дарылыкка, негизинен, ромашканын гүлү колдонулат. Гүлү май-август айларынын аралыгында чогултулат. Эгер гербарий даярдасаныз  кылдаттык талап кылынат. Кокус жамгырдан кийин жана шүүдүрүмдө чогултулса, анда начар кургап, өңү карарып кетет. Андыктан жаан жаабаган учурда чогултуу керек. Адатта көлөкө жерде 5-7 күндө кургайт. Үйдүн чатырында кургатса да болот. Жол жээгине жакын өскөндөрүн чогултпоо керек. Анткени алар машинадан бөлүнүп чыккан уулуу заттарды өзүнө сиңирип алат. Гүлүнүн курамында эфир майы, никотин, салицил  жана аскорбин кислоталары, каротин,кант, белок жана  башкалар  бар.

Дары-дармек  катары  суук тийгенге, аллергияга жана сезгенүүгө каршы, ошондой эле ооруну басаңдатууда колдонулат. Ромашка кан токтотуучу, микробдорду өлтүрүүчү (антисептикалык), калтыратмага каршы касиетке да ээ. Булардан сырткары тердетүүчү,  ичти көптүрбөөчү, ашказан-ичегинин, өпкөнүн иштөөсүн калыптандырып жана жакшыртуучу, баш мээнин кан тамырын кеңейтүүчү таасири бар. Бронхиалдык астманы, гастритти жана жоон ичегинин сезгенүүсүн, экземаны, ич көбүүнү, жараны, боордун, табарсыктын жана өттүн сезгенүүсүн, неврозду жана үчилтик нервдин оорусун айыктырууда кеңири колдонулат.

Ромашкадан жасалган дарыны кабыл алганда ашказан жана ичегинин маңызы көбүрөөк бөлүнүп чыгып, тамакка табитти ачат. Өттүн бөлүнүп чыгышын шарттайт. Тамак ооруда тамакты чайкап жана буулоодо, дары клизма жасоодо, тиштин бүйлөсүнүн оорусунда оозду чайкоодо, бут-колдун терчилдигинде ванна катары пайдаланылат. Экземада, жарада, тытылган жерди айыктырууда ромашкадан компресс жасалат. Геморройдо жуунуу керек.

Ромашкадан дары ванна даярдасаңыз  адамды тынчтандырат, сууктан калтыроону басып, нервди калыпка келтирет . Ал үчүн1 килограмм ромашка 5-6 литр сууга салынып кайнатылат. Анан сүзүлүп, ваннадагы сууга кошулат. Андан сырткары мындай ыкма тери ооруларында, бут-колдун терчилдигинде, кызыл жүгүрүктө, жараны айыктырууда колдонулат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ