Жамгырга карабай Ош шаарынын 3017 жылдыгы кызуу белгиленип жатат (фоторепортаж)

0
611
views

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3017 жылдыгы белгиленип жатат. Майрамга карата шаардагы борбордук аянтта театралдаштырылган оюн-зоок программалар конокторго тартууланды.

Мындан сырткары, сыртта жаап жаткан жамгырга карабастан, “Ош Агро-II” айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү жана “Күз берекеси” түшүм жармаңкеси өтүп жатат.

Ошондой эле, майрамдын алкагында Ош шаарында кызмат көрсөтүп жаткан бардык мекеме ишканалардын кызматкерлери, кесип ээлери майрамдык параддан өтүштү.

Майрам күнү шаардыктарга көңүл ачуучу программалар тартууланып, жаңы курулуштардын ачылышы болот. Ал эми кечинде эстрада ырчыларынын аянттагы гала концерти менен аяктайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ