Ош регионалдык колледжинде мугалимдердин майрамы кызуу белгиленди

0
173
views

Бүгүн, 5-октябрда Ош регионалдык колледжинде мугалимдердин майрамы кызуу белгиленди. Аталган окуу жайдын студенттери тарабынан чакан концерттик прграмма уюштурулуп, колледждин окутуучулар жамаатына жана студенттерге тартууланды.

Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, анын эртенки келечегин мыкты деңгээлге жеткирүүгө мугалимдердин салымы чоң экендиги талашсыз. Дал ошолордун бири, көп жылдардан бери өлкөгө мыкты адистерди даярдап келе жаткан Ош регионалдык колледжинде бүгүнкү күндө 100дөн ашуун мугалим иштеп, минге чукул  студенттер билим алышууда.

Учурда бул жайдан медайым, стоматолог, фармацевт, акушер  сыяктуу адистерге ээ болуучулар билим алышууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ