“Жылдын мыкты мугалими – 2017” сынагында Ош шаары биринчиликти багындырды

0
240
views

Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинин мугалими Абдубапова Айжан Республикалык «Жылдын мыкты мугалим – 2017» сынагында биринчиликти багындырды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сыйлоо аземи Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Мугалимдер күнүнө карата премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда болуп өттү. Сынактын комиссияларынын мүчөлөрү катышуучулардын ачык сабактарын, алардын портфолиолорун баалашты, ошондой эле жыйынтык чыгарууда сабактарга жүргүзүлгөн онлайн-добуш берүү эске алынды. Ошондой эле 4-октябрдан баштап Билим АКИpress сайтында ачык сабактарга онлайн-добуш берүү аяктаган. Анда кыргызстандыктар кесиптик педагогикалык чеберчиликтин даражасын баалап, мыкты мугалимдер менен тарбиячыларга добуш беришкен. Сынактын комиссиясынын чечими менен биринчи орунду Ош шаарынын «Жетиген» мектеп-лицейинин химия мугалими Абдубапова Айжан алдыкы орунду багындырып “Билим берүүнүн отличниги” значогу, ноутбук жана 50 миң сомдук акчалай сылык менен сыйланды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 11-май күнү Ош шаарында өткөн “Жылдын мыкты мугалим – 2017” сыгагында да биринчиликти Абдубапова Айжан багындырып республикалык сынака  жолдомо алган. Анда грамота, балуу белектер жана жеңил автоунаа менен сыйланган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ