КРЕДИТТЕН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР

0
46
views

Өлкөдө жетиштүү жумуш орду болбогондуктан жарандар банктардан алган кредиттердин курмандыгы болууда. Андагы алган акчаны кайтара албай же пайызын бере албай күрөөгө коюлган үй-жайынан айрылган үй-бүлөлөр көбөйүүдө.

Мындай кабар “Энелик мээрим” кайрымдуулук фондунун Ош шаарында уюштурган маалымат жыйынында белгилүү болду. Аталган фонддун төрайымы Ирсалат Узакованын айтымында, Кызыл-Кыя шаарында бир топ жаран үй-жайсыз калуу коркунучунда турат.

Алардын катарында өзү да бар экенин айтат. Болгону 120 миң сом үчүн үйүн күрөөгө коюп бир таанышына  кредит алып берген. Ал төлөбөй качып кеткендиктен банк Ирсалат айымдын үйүн сатып жиберген. Бул тууралуу сотко кайрылганы менен андан майнап чыккан эмес. Мындай жоосунсуз  иштер балдардын билим алуусуна да кедергисин тийгизип атат дейт ал.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ