Ош шаарынын туулган күнү гала концерт менен жыйынтыкталды

0
26
views

5-октябрь Ош шаарынын 3017 жылдыгына карата аймакта бир катар массалык маданий иш-чаралар уюштурулуп, ал Ош улуттук драма театрындагы гала концерт менен жыйынтыкталды. Оштогу Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөрүлүүчү кечки концерттик программа аба-ырайына байланыштуу имараттын ичине жылдырылган. Ага карабасттан саамалыкка келген көрүүчүлөрдүн саны көп болду.
Концертке Ош шаарынын көп улуттуулугу эске алынып, Кыргызстанга белгилүү фольклордук-этно жанрдын жана эстрада жылдыздары чакырылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ