33 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келген Тинатин Сманалиева

0
79
views

Талас шаарындагы “Манас Ордо” тарыхый комплексинде Тинатин Сманалиева улуттук бюмдарды жасап келет.

Элечек апа наамын алган 70 жаштагы Тинатин Сманалиева кол өнөрчүлүгү менен 33 жылдан бери алектенип келет. Ал өз колу менен жасаган долоно тумар, мончок, үкү перилерди жергиликтүүлөргө жана келген туристтерге сатып, акча табат.

70тен ашкан ардагер апа аталган буюумдарды сатып эле чектелбестен, ар бир жасалга тууралуу эзелтен келаткан элдик ырым-жырым, маани-маңызы тууралуу да сатып алуучуларга айтып берет.

Ошондой эле, бул жерде таластык окуучулар жасаган таберик буюумдарды да кезиктирүүгө болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ