Темир Жумакадыров жол кырсыганан каза болду

0
288
views

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бүгүн, 7-октябрда жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.
Маалыматга карганда, Темир Жумакадыров менен анын жардамчысы жана айдоочусу каза тапкан.
Окуя Бишкек- Кара-Балта жолунун 36 чакырымында болгон. Жумакадыровдун авто унаасы камаз үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Натыйжада үч киши каза болуп, камаздын айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Эске салсак, Темир Жумакдыров, 21-сентябрда шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабтын башчылыгына дайындалган болчу. Ал Таласка шайлоо участокторундагы даярдыктарды текшерүү боюнча бүгүн эрте менен кетип жаткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ