Бөдөнөлөрдү инкубатор жолу менен көбөйткөн фермер

0
63
views

Баткен шаарынын жашоочусу фермер Асилбек Тажибаев 2013-жылдан бери бөдөнөлөрдү багып келет.

Асилбек Тажибаев ар күнү эрте менен кичинекей канаттуулардан кабар алып, аларга өз убагында жем, суусун берип, өзгөчө көңүл буруп карайт. Анткени, бөдөнөлөр өзгөчө камкордукка муктаж болуп, жылылуулукту жана сууну көп талап кылышат.

Фермер Тажибаев бөдөнөлөрдү инкубатор жолу менен көбөйтүүнү өзүнө максат кылган. Ал канаттууларды кандай шартта кармап, кантип багып, көбөйтүү жолунда жакшы өздөштүргөн.

Аталган канаттуулар башка канаттууларга салыштырмалуу жеми, суусу өз убагында берилбей кечигип калса, бири-бирин чокуй башташат.

Атайын аппараттын жардамында 35 градус жылуулукта тооктун жана бөдөнөнүн 250дөй жумурткалары салынып, алардан 80%дан  90%га жакыны ачып чыгат. Балапандар узагы менен 18 күн аралыгында даяр болот.

Маалымат катары айта кетсек, даяр болгон балапандар өзүнө келгенче башка аппараттын ичине салынып, ал жерде 25 градус жылуулукта сакталат. Ал эми, жылуулук бирдей сакталбай калган учурда алар өлүп калышат. Азык катары тооктун жана бөдөнөнүн жумурткалары берилет.

Алардын онго жакын түрү белгилүү болуп, эт жана жумуртка катары колдонулуп келинет.

Булак: https://sputnik.kg/video/20171008/1035632762/batkende-bodono-bakkan-fermer.html

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ