Жумакадыровдун катышуусунда болгон кырсыктагы “КамАЗдын” айдоочусу эки айга камалды

0
118
views

7-октябрь күнү вице-премьер-министр Темир Жумакадыров катышкан жол кырсыгындагы “КамАЗдын” айдоочусу эки айга камалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчылыгынан билдиришти.

Ага караганда, тиешелүү чечимди  Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Вице-премьер-министр бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы Бишкек-Чалдовар жолунда “КамАЗ” менен сүзүшкөн.

Окуядан вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров каза болду. Аны менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов 7-октябрь күнү жол кырсыгынан каза тапты.

Учурда окуя боюнча  кылмыш иши козголуп, анын алкагында атайын ыкчам тергөө-иликтөө иши жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ