Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында мекендештерибиз 6 медал утушту

0
27
views

Кыргызстандык спортчулар Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда өткөн турнирлерде өлкө эсебине 6 медал алып келишти.

Аралаш күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Астанада жыйынтыкталып, ага 30 мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Жалпы эсеп менен кыргыз спортчулары 1 күмүш жана 4 коло медал утушкан.

Маалыматтарга таянсак, Кыргызстандан 8 спортчу катышып, экинчи орунду өз салмак категориясында Кубанычбек Туратбек уулу багындырды.

Мындан сырткары, Абдурахман Абдурахманов бокс боюнча Андижанда өткөн эл аралык турнирде 63 килограмм салмак категориясында таймашып, жеңишке жеткен.

Ал катары менен эки ирет жеңишке жетип, финалда жергиликтүү атаандашына үстөмдүк кыла алган жок. Жыйынтыгында, Абдурахманов үчүнчү орунду ээлеген.

Ошондой эле, Тажикстанда өткөн эл аралык турнирде дзюдо боюнча 90 килограмм салмак категориясында килемге чыгып,  Шахриер Идрисов коло медал уткан.

Белгилей кетсек, атлаган турнир Тажикстанда өтүп, ага 20 мамлекеттин өкүлдөрү катышышты. Алар, Жапония, Италия, АКШ, Азербайжан, Орусия жана башка өлкөлөр.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ