Тукумсуздуктун кантип алдын алабыз?

0
649
views

Кыргызстанда 14 жаштагы кыздардын 1700 боюнан алдыруу учуру катталган. Муну менен адистер өлкөдө тукумсуздук көйгөйү өсүп баратканын коңгуроо кагышууда. Дарыгерлер балалуу болбой калган үй-бүлөлөрдө күнөө көбүрөөк аялдарда  деген ой дале болсо  үстөмдүк кылып жатканын айтышат. Алар эркектердин ак халатчандарга кайрылуусу өтө сейрек экенин билдирип жатышат.

Дарыгерлердин айтымында, учурда ар бир эркектин саламаттыгында  көйгөй бар. Мына ошол эркектердин 10%ы гана ак халатчандарга кайрылса, калганы өзү менен өзу алек. Балким ошол дарыгерге баргысы келбеген эркектер өздөрүнүн саламаттыгын мыкты караса, орточо жашаган 64 жашы дагы да узармак. Айтымдарында тукумсуздук маселесине келгенде дарыгерге аялдар гана кайрылышып, эркектер көңүл кош мамиле кылышат.

 

Тукумсуздук учурда коомдук көйгөйгө айланганын дарыгерлер кулак кагыш кылышууда. Адистер белгилегендей, республика боюнча 14-17 жаштагы кыздардын арасында бойдон алдыруу боюнча 1700 учур катталган. Аларга коомчулук, ата-эне, мектептен түшүндүрүү иш аракети солгун жүрүп жатат. Эгер бул жараян улана берсе келечекте тукумсуздук көйгөйү күн тартибине чыгат. Оштогу облустук адам репродукция борборуна балалуу болууну каалагандар көп келишет. Мунун өзү өлкө аймагында тукумсуздук көйгөйү бар экенинен кабар берет.

 

 

Тукум улоо ар бир тирүү жандын башкы максаты. Балалуу болбой калуу улут үчүн чоң трагедия. Адистер билдиргендей адам саламаттыгын кароо үчүн тамак ашына, колдонгон буюмдарына чейин жакшылап көңүл бурушу керек. Тукумсуздуктун алдын алуу боюнча дарыгерлер өзгөчө мектеп курагындагы,  жогорку окуу жайлардагы жаштарга кеңири кеп кеңеш керек дешет.

 

Борбор өкүлдөрү билдиргендей, коомдо тукумсуздук тууралуу маалымат аз. Бирок буга карабай, даргер-урологдор айылдарга чейин барып түшүндүрүү иштерин жасап жатышат. Бейөкмөт уюмдарынын колдоосу менен үй-булөнү туура пландаштыруу тууралуу маалымат баракчалары таратылып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ