АИДА САЛЯНОВАГА СОТ ӨКҮМҮ ЧЫКТЫ

0
114
views

Бишкек шаардык Ленин райондук соту мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратууну өкүм кылды. Ага  ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка чыккандан кийин өтөйт. Салянованын кызы азыр үчкө чыга элек.  Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана адвокаттары макул эместигин билдиришти. Адвокат Чынара Жакупбекова маалымдагандай аны жокко чыгаруу боюнча арыз шаардык сотко берилет.

Бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучу Аида Саляновага жана адвокат Чынара Жакупбековага жарыш сөз сүйлөөгө уруксат берилген жок. Айыпталуучуга акыркы сөз да берилбеди.  Мындан улам Аида Салянова сот мыйзамсыз иштеп жатканын, өзүнө жок жерден жалаа жабылганын, сотто далилденбегенин журналисттерге билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ