Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте автобус чыгарууга макулдашты

0
874
views

Ташкентте өткөн “Өзбекстан-Кыргызстан” бизнес-форумунун жыйынтыгы менен биргеликте автобус чогултуу жана айыл чарба техникаларын чыгаруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирүүдө.
Тараптар кир жуугуч машиналарды чогултууга, кабелдик продукцияларды жеткирүүнү колго алууга, Ошто соода-көңүл ачуу борборун жана Кыргызстан аймагында “Артель” техникалык мектебинин курууга дагы макулдашышты.

Мындан тышкары 200 миллион АКШ долларына тете продукцияларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.

Экономика министрлиги билдиргендей, бизнес-форумда автомобиль куроо фирмалары, эки өлкөнүн зергерлер бирикмелери ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Дөңгөлөк алкактарын, суу, бал, өсүмдүк майын, табигый таш жана травертин жеткирүүгө макулдашышты.

Өзбек-кыргыз бизнес-форуму 6-октябрда Ташкентте өттү. Ага эки өлкөнүн 500дөн ашуун бизнесмендери катышышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ