МЕЛИС АСПЕКОВ ЧАГЫМЧЫЛДЫККА АЙЫПТАЛУУДА

0
105
views

“Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири Мелис Аспеков “массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн” деген шек менен, Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалды. Маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жарыялады.

Маалыматта “Мелис Аспеков белгилүү бир адамдардын тобунун кызыкчылыгы үчүн президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган соң, айрым жарандар менен алдын ала бүтүм боюнча Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу иштерине катышуу аракетин коргон деп айыпталууда.  Айрым жарандык активисттер муну “саясий куугунтук” деп баалап жатат.

Кечээ, 9-октябрда Аспеков камакка алынардан мурун интернеттеги Youtube каналында “Кыргызстанда массалык башаламандык уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр” деп аталган видео тараган. Анда Мелис Аспеков жана жаш активист Нурбек делген кишилердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жазылган.  Аспеков камактагы экс-депутат Садыр Жапаров лидерлик кылган “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ