Өлкөдө психикалык оорудан жабыркагандардын саны өстү

0
74
views

Мындай маалымат психикалык саламаттык күнүнө карата акыл-эс оорулуулардын жашоосун жакшыртууга багытталган жыйында айтылды. Билдирүүгө караганда  Кыргызстанда жылына 10 миң киши каттоого алынат. Жалпысынан 50 миңден ашуун адам оор психикалык дарттар менен жабыркайт. Профилдүү адистер  болсо жетишсиз.  Республика боюнча 50 адис керек болсо, учурда  балдардын тогуз гана психикалык терапевти бар.

Бүгүн, 10-октябрь – Дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү. Дүйнөдө 450 миллион киши ар түрдүү акыл оорулары менен жабыркайт. Кыргызстанда туруктуу каттоодо турган акыл оорулууларынын саны азыр 71 миңге чамалайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ