Өлкөдө сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү

0
88
views

Сууктун эрте түшүшү менен сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү.Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жумасына 600дөн ашуун аталган дартты жуктургандар кайрылышат. Сасык тумоого чалдыккандардын көпчүлүгү жаш балдар.

Ош шаарынын тургуну Элнура Кубатидинова 1.5 жаштагы уулу Бексултанды дарыгерге бат-баттан көрсөтүп турат. Бүгүн да анда  оорунун  белгилери байкалган соң аны апасы дарыгерге алып келүүнү туура көргөн.

Бексултан жөтөлүп, тамагы ооруп калгандыктан дарыгерге алып келдим. Ысытма чыкпаганы менен дарыгер Бексултанда сасык тумоо оорусу башталганын айтты. Биз дары-дармек жаздырып дарылоого кириштик.

№8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бир күндө 100дөн  ашык жаран сасык-тумоо менен кайрылууда. Ата-энелер балдарынын ооруга чалдыкканын билишпей көпчүлүк учурда күчөп кеткенден кийин кайрылышат.

Быйылкы жылы ооруга чалдыккандар көпчүлүгү жаш балдар. Жумасына 600 киши кайрылса, анын 400 жаш балдар.

Көпчүлүк ата-энелер балдарын үйүндө дарылайм деп күчөтүп алып, андан соң кайрылышат. Быйылкы сасык тумоо тамак оору менен башталып жатат. Ал өтүшүп кетсе бронхитке  алып келет. Кулак, мурун  көңдөйлөрү бир түтүкчөдө жайгашкандыктан кулактан ириң агып, мурундан гайморитке алып келери шексиз.

ДинагүлОторбаева.  Саламаттык сактоо департаментинин жугуштуу оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы:

Өлкөдө аба аркылуу жугуштуу оорулардын күчөшүнө байланыштуу Ош шаарныда дарыгерлерге атайын семинар уюштурулду. Анын негизгни максаты сасык тумоонун алдын алуу боюнча калкка кеңири маалымат жеткирүү.

Сасык тумоонун алдын алуу боюнча эмдөө жүргүзүлүп жатат. Бул боюнча учурда 3 облустан келген дарыгерлерге атайын окуудан өтүштү. Сасык-тумоонун кучөгөн учуру декабрь айында башталат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ