Liglass менен түзүлгөн келишимге толугу менен чекит коюлат

0
65
views

Кыргыз өкмөтү чехиялык Liglass Trading ишканасы менен түзүлгөн келишимди үзүп, толугу менен чекит коёт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Ал 5-октябрда аталган компания өкүлдөрү менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчилиги жолукканын ырастады.
– Өкмөт келишимди жокко чыгара турганын жарыялаган. Бирок келишимде үч ай сүйлөшүү процесси деген бар. Ошондуктан 5-октябрда жолукканы чын. Чех тарап өздөрүнүн сунуштарын бериптир, бирок кыргыз тарап аларды карап бизге туура келбей турганын айтып жатышат. Ушуну менен чекит коюлат. Эгер бул сүйлөшүү болбосо арбитраждык сотко барганда кыргыз тарап бир да жолу жолугушуу жүргүзгөн жок деген сөз болбошу үчүн сүйлөштү.

Зилалиевдин белгилешинче, Liglass мөөнөттү узартып, башка жактан эсеп ачып берүү сыяктуу сунуштарды айткан.

Кыргызстан “Лигласс Трейдинг” компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге быйыл 11-июлда кол койгон. Сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөм катары компания 1 миллион 147 миң доллар которгону айтылган.

Макулдашууга ылайык, чех компаниясы 30 банктык күндүн ичинде Нарын ГЭСтер каскадындагы алгачкы курулуш иштерин жүргүзгөн орусиялык “РусГидро” компаниясына 37 миллион долларды төлөө милдеттенмесин алганын өкмөт жарыялаган. Бирок келишимге кол коюлган алгачкы күндөн тарта эле Liglass’тын ГЭС курууга тажрыйбасы жана кудурети жоктугу тууралуу адегенде чех басма сөзүндө, андан соң Кыргызстанда байма-бай айтыла баштаган. Бийлик мындай маалыматтарды четке кагып, компанияга ишенерин билдирип келген.

18-сентябрда, “РусГидрого” карызды төлөө мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда Liglass Trading компаниясынын жетекчилери Бишкекке келип маалымат жыйын өткөрүп, каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин билдиришкен. Буга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сураган. Өкмөт чех өнөктөштөрүнүн мындай суранычын аткарбай келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ