Анары менен таанылган аравандык Рапыкжан мырза (фото)

0
156
views

Аравандык Рапыкжан Абдуллаев өз жеринде 30 жылдык тажрыйбасы бар багбан катары таанылуу. Ал эс тартып, эмгекке жараган мезгилинен баштап эле алма, курма жана башка мөмө-жемиштердин көчөтүн  отургузуп, мөмөсүн сатуу менен алектенет. Багбан пайда көрүү менен эле чектелбей, айылдагы жаш багбандарга кеңешин берип, ишкерликтин жолун үйрөтүп келет.

Араван районунун Алыш–Башы айылынын 69 жаштагы  тургуну Рапыкжан Абдуллаев буга чейин алма жана курма өстүрүп келген. Ал учурда ары пайдалуу  ары түйшүктүү анардын 200 түбүн отургузуп, жылына 6 тоннага жакын мөмө аларын айтат:

  • Бул жерлер адыр болгондуктан эгин эгип түшүм алууга болбойт. Болгону бак отургузууга жараган жер. Биз үй-бүлөбүз менен кеңешип анар отургузууну пландадык. 2 жылда  мөмө ала баштадым. Биринчи жылы 2 тоннага жетбеген түшүм алдым. Азыр жылына 6 тоннадан ашык түшүм алабыз.

Анар пайдасы мол болгону менен ошого жараша мээнет талап кылынат. Сууну үзбөй коюп туруу керек. Жер семирткичтерди колдонууда мал жандыктын кыгы – анардын эң негизги азыгы. Мындай назик өсүмдүктү кышкысын суука алдырбоо үчүн ар бирин кездеме менен ороп чыгуу керек. Эгер көчөткө суук тийсе, ал эч качан мөмө бербей калышы мүмкүндүгүн билдирет:

  • Жаңы көчөт дайыма каралууга тийиш. Канча жакшы каралса ошончо жакшы түшүм берет. Жазында бутап турабыз. Антпесе ал өсүп мөмө берүүсү азаят. Кышында сууктан коргоп кездемеге ороп койобуз. Жер семирткич заттарды колдонобуз.Көчөттү көбөйтүүнүн жолу оңой. Түбүнөн чыккан бутактарды 15 см калемче сыяктуу кыркып суулу жерге отургузабыз. Ал тамыр алып, 2 жылда жетилип мөмө берет.

Багбан Ракыпжан Абдуллаев “кайманор” жана “шидор” деген 2 түрүн өстүрөт. Шидор эрте бышат жана таттуу болот. Кайманору азыр бышканы менен кычкыл, кышындасы даамына кирет.

  • Анардын кайманор жана шидор деген түрү бар менде. Бирок бул 2 түр да өзүнчө түрлөргө бөлүнүп кетет. Шидор дегени августта бышат. Кайманор кышында сактала турган түрү. Ширеси кычкыл келип,кышкысын өзгөрүп кетет.” – деп билдирет Ракыпжан багбан.

Кармааныбыз дүң баада 100 сомго балап, ар жылы 6 тоннага жакын түшүмүн Кыргызстандан сырткары Москвага экспорт кылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ